Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө каза болгон окуучунун өлүмү боюнча 8 шектүү кармалды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 592 | 0

Каракол шаарындагы №5 мектепте билим алган Д.А аттуу окуучунун өлүмү боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 130-берененин, 1-бөлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү делген 8 бала убактылуу кармоочу жайга алынып, бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу облустук башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн бешөө №5 мектепте окуганы, экөө №15 мектепте билим алгандыгы жана бирөө эч жерде окуп, иштебегени аныкталды. Териштирүүдө кармалган окуучулар кылмышты моюнга алышып, мурда милициянын каттоосуна алынбаганы белгилүү болду.

-Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну Д.Анын киши колдуу болуп көз жумгандыгы боюнча кылмышка шектүүлөр 12-февралда кечке маал кармалышты. Азыркы тапта териштирүү иштери жүргүзүлүп, баш коргоо чарасы каралат. Тергөөдөгү алдын ала жыйынтык 8 бала теӊ күнөөлөрүн моюнга алды. Көрсөтмөдө шектүүнүн бири маркум менен өткөн жылдын декабрь айында телефон тартып алуу боюнча пикир келишпестик болуп, бул окуя андагы ызадан келип чыкканы айтылды.

Эске сала кетсек, Каракол шаарынын 18 жаштагы мектеп бүтүрүүчүсү февралдын 11инен 12сине караган түнү киши колдуу болуп көз жумган. Бул боюнча 12-февралда эрте менен милицияга кабар келип түшкөн. Маркумдун жансыз денеси тиешелүү экспертиза дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM