Биз менен байланышыңыз

Жума ичиндеги футболдук беттештер Саланы эскерүү менен башталат

Кыска кабар , Спорт | 12 Фев 2019 | 573 | 0

Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын бул жумадагы бардык оюндары “Кардифф” футболдук клубунун оюнчусу Эмилиано Саланы эскерүү менен башталат. Бул туурасында УЕФАнын маалымат кызматы билдирди.

Аргентиналык футболчу 28 жашында авиакырсыктан каза болду.

Сала “Кардифф” клубуна “Нанта” клубунан январь айында өткөн. Бирок жаңы клубу үчүн бир да оюн өткөрүүгө жетишкен эмес. 21-январда Уэльстен жеке учак менен учуп, бирок бир сааттай убакыт өткөндөн кийин алардын кемеси радардан жоголгон. 4-февралда алардын учагынын калдыктары менен кошо футболчунун денеси, Гернси аралына жакын жерден океандын түбүнөн табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM