Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 1444 | 0

Бүгүн 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде ишин баштады. Эми Бишкек шаарынын көчөлөрүндө катталган жол кырсыктары 60 пайызга чейин кыскарат. Мындай алдын ала божомолду Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына караштуу Мониторинг борбору маалымдады.

Үстүбүздөгү айда камералар пилоттук негизде иштеди. Жол эрежесин бузгандар дээрлик 30 пайызга чейин кыскарганы маалымдалды.

Эскерте кетсек, Жол эрежесин бузган айдоочулар өздөрүнө салынган айыппулдун өлчөмү менен алдын-ала кыргыз өкмөтүнө караштуу uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышат. Аталган сайтта «Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулду текшерүү» деген баракчага кирип, өзүнүн идентификациялык маалыматы менен автоунаасынын мамлекеттик номурун жазса, жол эрежесин кайсы жерден, качан, кантип бузганы, ал үчүн канча сом айыппул төлөй турганы тууралуу маалыматтар чыгат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлмак.

Copyright © 2017 Maral FM