Биз менен байланышыңыз

Францияда Неймар менен Мбаппеге тең чыккан футболчу табылды

Кыска кабар , Спорт | 8 Фев 2019 | 587 | 0

Францияда Неймар менен Мбаппеге тең футболчу табылды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, «Лилль» клубунун жарым чабуулчусу Николя Пепе Франция чемпионатынын эң мыкты оюнчусу болуп турган чагы.

Футболчу биринчи лигада 23 оюн өткөрүп, 16 гол киргизген. Мындан сырткары, 11 голду биргеликте киргизүүгө себепчи болгон.

Пепе “Гол+пас” системасы боюнча 27 балл топтоого жетишкен жана Неймардан (20балл) бир канча жогору турат. Ал эми Килиан Мбаппе Пепеден 1 баллга артта.

Белгилеп кетсек, Пепе Франция чемпионатында 16 гол киргизсе, Килиан Мбаппе 18 гол киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM