Биз менен байланышыңыз

Сагынбаев: Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 1250 | 0

Кол тийбестиги алынгандан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Атамбаевге кылмыш иши козголуп-козголбошу тууралуу суроо берилген. Сагынбаевдин айтымында, мурунку аткаминерлер айыпталып жаткан бир топ кылмыш иштери бар, айрымдары сотко өткөн.

«Эгер сот жүрүшүндө түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деди катчы.

Ал бирок мындай жагдай Атамбаев кол тийбестик макамынан ажыратылгандан кийин гана болушу мүмкүн экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM