Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: Кендердин лицензиясын тескеген департамент түзүү керек

Күн чекит | 5 Фев 2019 | 799 | 0

Тоо-кен тармагында эң көп коррупциялык иштер лицензия берүү жасалып келгенин эксперттер айтып келет. Бир эле кишиде бир нече кенди иштетүүгө уруксат берилген көрүнүштөр бар. Алардын катарында Жогорку кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык 12 ишканага лицензия берилгени жалпыга маалымдоо каражаттарында чыкты. «Күн чекит» программасында лицензия берүү тартибин  Кыргызстандын тоо кенчилер жана геологдор ассоцациясынын аткаруучу директору Дүйшөнбек Камчыбеков менен талдаганбыз.

Марал: Тоо кен тармагында эң көп жасалган коррупциялык иштер лицензия берүүдө экени айтылып келет. Анын үстүнө бир эле кишиге 41 лицензия берилип кеткенин буга чейин президент өзү дагы айтты. Лицензия берүү эрежесин өзгөртүүгө болобу?

Камчыбеков: 90-жылдардын аягында бир адам лицензия алып жатканда кошумча талаптар коюлчу. Талаптардын бири финансылык каражат. Ал үчүн банктардын атайын маалымкат керек эле. Экинчиден кенди иштетүүгө техникалык мүмкүнчүлүктүн жетип же жетпей турганы каралчу. Үчүнчү талап ал жакты иштете турган адистердин диплому талап кылынчу. Үч талапка толук жооп бергенде гана лицензия берилчү.

Эгер экинчи лицензияны алам десе так эле ушундай талаптар коюлчу. А мурунку документерди берсе, иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт деген чечим чыгарылчу. Азыркы күндө мындай чектөөлөр жок. Бир адам канча кааласа ошончо уруксат кагазды ала алат. Колуна кармап да тура алат. Азыркы тапта экономикалык пул деген киргизилген. Ошол пулдун негизинде акчаны төлөп кармап турууга болот.

Марал: Лицензияны арзан сатып алып, кийин колдон-колго өткөн көрүнүштөр арбын. Ошондой учурларды токтотуучу рычагдар барбы?

Камчыбеков: Сөзсүз бар! Азыркы күндө бизде үч мамлекеттик мекеме үч тармакка көзөмөл жүргүзүп келет. Бул Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттик. Техникалык коопсуздук жагын экотехинспекция карайт. Бул органдарга мындай милдетти акыркы учурда геология тармагынан алып туруп берип койгон. Анан үчөөнүн ортосунда лицензия берүүгө көңүл бурулбай калган. Себеби «жер казынасы» мыйзамынын 26-беренесинде жазылган. Эгерде үч талаптын бирөөсү аткарылбай жатса, үч айга чейин лицензиянын жүрүшүн токтотуу керек. Андан кийин дагы аткарылбаса, лицензияны жокко чыгарып койсо болот. Ошол мехнизмди бүгүнкү күнү толук иштеп чыгуу керек. Экинчи жолу айлана-чөйрөнү коргоону комитетке берүү керек. Балким департамент түзүп милдетти өткөрүп берүү керек.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM