Биз менен байланышыңыз

«Баламды мага окшош дешет, бирок өзүм көрө албайм…»

Коом , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 2016 | 1

Мен жашоомдо Ромео-Джулиеттаны көрө элекмин. Аны көпчүлүгүбүз чыгармадан же кинодон көргөн чыгарбыз. Алар кичинекей бир сыноого чыдабай, өз жандарына кол салган болчу. Бирок…

Бирок, биздин бүгүнкү каармандар алардан алда канча күчтүүрөөк жана сүйүүсү бекемирээк экенине ынанып олтурам. Эрулан менен Жылдыздын башына кандай кыйынчылыктар келген? Алар менен кантип күрөшүүдө? Эмне дем күч-берүүдө? Кененирээк таанышасыз.

Алгач баары сонун башталган. Ал жаш түгөйлөр баш кошкон. Шаңга, күлкүгө толгон бактылуу күндөр өтүп жаткан. Нур үстүнөн нур дегендей, жаш үй-бүлө наристе күтө баштайт. 9 ай да бат эле өтүп кетет. Жубайлар уулдуу болушат. Бирок…

Бирок баары төрөттөн эки жума өткөн соң башталат. Бир күн эртең менен көзүн ачса, караңгылашып, күндө сонун көрүп жаткан көздөрү жакшы көрө албай баштайт. Бир аз убакыт өткөн соң караңгылык баардык көзүн ээлеп, такыр эле көрбөй калат. Мына ошол күндөн баштап жаш жубайлардын “караңгы” күндөрү башталат. Буга себеп болсо, кесерова жолу менен төрөп, жүлүнгө наркоз алганын айтышты.

Кыргызстандын ичинде бир топ дарыгерлерге кайрылышат, даарыланышат, бирок жакшы жыйынтык эч эле болбойт. Акырында чет өлкөгө чыгып, дарттын дабасын ошол жактан издешет. Бир аз өзгөрүү болот, бирок керектүү деңгээлде эмес. Бир канча дары-дармектерди ичип жүрөт. “Караңгы” күндөр ушуну менен эле токтоп калбастан, үстүнө дагы бир дарт кошулат. Жылдыздын бул жолку дарты — буттары болчу… Эгер убагында буттарын кесип, ордуна “жасалма бут” койбосо, бул оору баш мээге да өтүп кетүү ыктымалдуулугу бар экенин жакында эле дарыгерлер айтышты. Акырында “Девик синдрому” деген диогноз коюшту. Бул оору менен дүйнө боюнча болгону 300 айланасындагы адамдар ооруйт экен. Ооругандардын саны аз болгондуктан бул илдет толук изилденип бүтө элек, даарылануу жолдору да белгилүү боло элек экен азырынча.

Жылдыздын өзүнөн азыркы абалы, жашоосу жөнүндө сураганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Азыр балам 1,5 жашка чыкты. Жолдошумдун жана жакындарымдын айтуусу боюнча баламдын сырткы көрүнүшү мага окшош экен. Өзүм болсо баламдын кандай экенин, кандай болуп чоңоюп жатканын көрө албайм, жада калса кээде элестетүүм да кыйын. Бирок энелик мээрим, эне жүрөгү баарын сезет экен. Баламды көрө албасам да аны бети-башынан сылап, жыттап, өзүмдүн мээримимди төккөнү аракет кылам. Кайненемдер менен өзүнчө үйдө турабыз. Өзүм ооругандыктан баламды алар карашат. Күн сайын, канчалык ооруп атсам да, сөзсүз баламдан кабар алганы, анын жытына тойгону келип кетем. Үйгө кирип келгенде “апоо” деп алдыман тосуп чыкканда, жүрөгүм элжиреп кетет. Бутум канчалык оорубасын, баламды алдыма алып бир топко чейин жыттап олтурамын. Көрсө, бала сүйүүсү ар кандай оорудан да күчтүүрөк тура. Күн сайын мени жолдощум алып келип, алып кетип турат. Бул доордо жолдошум да тамак жасаганды үйрөнүп алды. Азыр аш менен куурдакты менден да жакшы жасайт. Башында үйрөнгүчөктү бир аз кыйын болду. Мен жанында отуруп, айтып турам. Ал болсо жасайт. Натыйжасы жогоруда айтып өткөнүмдөй эле” — дейт күлүп.

-Эми дартыңызды даарылоо жолдору бар экенби? Ушулар жөнүндө бир аз айта кетсеңиз.

-Ооба, айыгууга мүмкүнчүлүк бар экен. Дартын берген Жараткан, ага сөзсүз дабасын да кошо берет деп терең ишенем. Мен сөзсүз айыгам буйруса! Баламды өзүм тарбиялап, өстүрүп мектепке жетелеп алып барам. Андан соң университетте окутабыз. Адам жакшы ой менен жүрүү керек. Анткени жакшы ойлор, жакшы энергияларды алып келери анык. Жакын арада болсо, чет өлкөгө чыгып, “жасалма бут” коюп келүү үчүн бир топ каражат кетет экен. Өзүм 1,5 жылдан бери ооругандыктан, азыр бизде андай каражат жок.

-Учурдан пайдаланып, кайрымуу элибизден жардам сурайбыз. Жок дегенде жылуу сөзүңүздөрдү айтып, моралдык жактан да колдоп койсоңуздар ыраазы болмокпуз. Өзгөчө дасторкондо отурганда, жана башка учурларда да дуба кылып койсоңуз, көңүлүбүз көккө жетмек.

-Алгач Жаратканга ыраазычылык билдирем! Мага ушундай сонун жолдош бергени үчүн. Ар кандай оор, кыйын күндөрүмдө мени жөлөп, таяп, өзүнүн мээримин аябай ар тараптан колдоп келгенине. Билбедим, башка бирөө болгондо эчак эле мага мындай аялдын кереги жок деп таштап кетмекпи, эч ким билбейт анысын. Бирок менен жолдошум да, кайын энем да андай эмес. Баары мени колдоп, “Буйруса баары жакшы болот, бул күндөр да өтүп кетет”, — деп мага мээримин төгүп, колдоп келишүүдө. Бул үчүн мен аларга да, Жаратканга да чексиз ыраазымын! Жараткан баарыбызга бекем ден соолук берсин.

Жашоо – бул күрөш. Анда эне мээрими жеңеби же дартпы?

Бул күрөштө эне мээримин, кайратын, күчүн колдойм деген ар бир окурмандан мүмкүнчүлүгүнө жараша 20-50-100-200 баликм 500-1000 сом которомдегендер болсо, 0771 22 22 41 Элсом номуруна которсо болот.

Байланыш үчүн тел: 0705 211 221; 0707 444 884

Copyright © 2017 Maral FM