Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер көбөйдү

Коом | 29 Янв 2019 | 3012 | 2

Өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөдөн жумуш тапкан. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү жумушка орноштуруу боюнча 102 жеке агенттик 16 өлкөдө кызмат көрсөтөт. 

28 жаштагы Айпери Аалы кызы бир жарым жыл мурун Бишкектеги жумуш менен камсыз кылган агенттиктердин бири менен келишим түзүп, Анталияда мейманканада иштеп келди. Айпери кол коюлган келишимдеги милдеттенмелер толук аткарылып, жакшы иштеген.

-Жумуш менен камсыз кылган агенттиктер менен келишм түзүүдө анын ишмердүүлүгүнө жакшы маани бергенмин.  Түркияга барып мейманканада ойдогудай иштеп келдим. Кооптонгудай деле учур болгон жок. Келишим бүтүп, Бишкекке жакында эле келдим. Азыр Европага кетүү боюнча агенттиктерди караштырып жатам.

Айпериге окшоп чет мамлекетте жумуш издеген кыргызстандыктардын саны жыл санап өсүүдө. Көбүнчөсү Түркия, Түштүк Корея, Европа, Бириккен Араб өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекетке кетишүүдө. Ошол эле учурда жумушка жөнөткөн жеке агенттиктердин ишине нааразы болгондор да жок эмес.

Алардын бири Баткен облусунун тургуну Ильхом Василов ортомчу агенттик аркылуу Катарга жумушка барып, бир айдан кийин кайтып келе берген. Анын айтымында, жумуш менен камсыз кылган агенттик келишимде көрсөтүлгөн ишке орноштурган эмес.

-Кувейтке жумушка агенттиктердин бири аркылуу бардым. Мен тейлөөчү болуп иштеймин деп келишим түзгөнмүн. Ошону менен бирге жатакана жана тамак-аш бекер болору убадаланган. Бирок Катарга баргандан кийин тез татым жасаган ашканада иштеп калдым. Бекер болот деген кызматтардын бири да мага көрсөтүлгөн жок. Анан бир айдан кийин кайтып келе бердим.

Бүгүнкү күнү жумушка орноштуруу боюнча 102 жеке агенттик каттоодон өткөн. Алар 16 өлкөдө өз кызматтарын көрсөтүшөт. Агенттердин 80%ынан көбү Түркиядагы ишканалар менен келишим түзүп, жумуш таап берет. Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруучу агенттиктерде да жыл санап көбөйүп жатат.

Өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу жумуш табышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеңештик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

-2018-жылдын 1-январынан декабрь айына чейин 85 жеке агенттиктин жардамы менен 7 миң 647 Кыргызстандын жараны жумуш тапса, алардын 3 миң 85ин аялдар түзгөн. Биздин мекендештердин 80 пайызы Түркияда ишке орношууда. КРнын жарандарына ишке орношууга уруксат берүү жана көзөмөл жүргүзүү боюнча Миграция кызматы менен биргеликте ишке орноштуруучу жеке компаниялар иш алып барат. Уруксат берүү 4 миң сом турат. Ал аманат катары төлөнгөн каражаттан кийин берилет. Ал каражат чет өлкөлүк жумуш берүүчү жак жана ошол жумушка кызматкер таап берүүчү субъект ортосунда кол коюлган келишимдин шарттары аткарылбай, эмгек мигрантына материалдык зыян келтирилген учурларда төлөп берүү үчүн алынат. Биздин борборубузда түз байланыш 189 номери бар. Бул кулчулук жана жарандарга маалымат берүүчү байланыш катары иштейт.

Агенттиктер аркылуу чет өлкөгө жумушка кеткендер көп учурда алар тейлөөчү, мейманканалардын кызматкерлери болуп иштешет. 2018-жылы жарандардан жумуш берүүчүлөрдүн жана жөнөтүүчү компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу 55 арыз келип түшкөн. Маалыматтык-консультативдик борбордун катышуусу менен жумуш издегендерге 993 миң сом кайтарылган. Мына ушуга окшогон ар кандай бузуулардан улам 4 агенттик ишмердигин токтоткон.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев жеке агенттиктер жарандарды жумуш менен камсыз кылууда пайдасы көбүрөөк болуп жатканын белгиледи.

-Агенттиктердин баарынын ниетин билиш кыйын. Мага айрым жумушка орноштурам деп акчаларын алып алган компанияларды айтып кайрылгандар болду. Ушундай бир-эки учур менен башкалардын ишине дагы көлөкөсү түшүүдө. Баарынын ишине терс баа бербешибиз керек. Жакшы иштеген агенттиктер дагы бар. Сыртка барып иштеген жарандарыбыз жакшы нерселерди үйрөнүп келүүдө. Агенттиктердин иши боюнча Жогорку Кеңеште карай элекпиз. Эгерде кайрылуулар болсо көзөмөлдөп турабыз.

Белгилеп кетсек, кыргызстандыктар иштөөгө көп кеткен мамлекеттердин тизмегинде мурдагыдай эле Орусия биринчи орунда турат.

2 пикир

2 пикир

  1. Исхак

    02.06.2019 02:02

    Америкага кантип кетсек болоооот жардам бергилечи сураныч жол жобосун билгендер сураныч тел:+79014265394 ватсап.
    Ок.ру Исхак Асаев

  2. Толкунай

    13.11.2019 02:42

    Америкага барып иштеп келем деп ойлоп журом жардам берсен ер кантип барсам болот

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM