Биз менен байланышыңыз

Президент футболчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 1152 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин жарлыгына ылайык, Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов «Даңк» медалы менен, футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Данакер» ордени менен жана «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев, Азамат Байматов, Валерий Кашуба «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Мындан тышкары, улуттук курама команданын дарыгери Нурбек Исмаиловго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» деген ардактуу наам ыйгарылды. Курама команданын тактика боюнча машыктыруучусу Игорь Кудренко «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына татыды.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт, Кайрат Жыргалбек уулу, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Дениэл Тего Нии Армах Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Команданын башка мүчөлөрү Одилжон Абдурахманов, Эржигит Акаев, Калысбек Акималиев, Айзар Акматов, Азамат Алыкулов, Айткожо Асан уулу, Муролимжон Ахмедов, Игорь Бабынин, Эрнист Батырканов, Дмитрий Гуреев, Закир Жалилов, Бахтыяр Дуйшөбеков, Кутман Кадырбеков, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер, Фархат Мусабеков, Канат Ракишев, Турсунали Рустамов, Бекжан Сагынбаев, Владимир Сало, Талант Самсалиев, Павел Синегубов, Евгений Фролов, Николай Южанин, Мустафа Юсупов президенттин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, ушул күндөрү өлкөдө көтөрүңкү маанай орноп, ар бир кыргызстандык мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерине бөлөнгөнүн белгиледи.

Мен Кыргызстан элин, бардык күйөрмандарды, футболчуларды, өлкөнүн Футбол федерациясын жана кызмат кылган бардык азаматтарды силердин эң сонун оюнуңар менен куттуктайм. Биз үчүн силер жеңүүчүсүңөр!», — деди Жээнбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM