Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев 2020-жылы жатак-абакка которулат

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 542 | 0

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2020-жылы февраль айында жатак-абакка которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Текебаев жатак-абакка которулгандан кийин андагы шартка ылайык, келишим түзүлүп жумасына бир жолу келип, каттоодон өтүп турат.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов “Марал” радиосуна берген маегинде, 2019-жылдын 20-мартында Өмүрбек Текебаевдин жатак абакка которулуусуна уруксат берилгенин айткан. Бирок ага тоскоолдук кылгандар болуп жатканын билдирген.

Саясатчыга карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM