Биз менен байланышыңыз

«Коомдук кеңештер иштебегендей таасир калтырууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 526 | 0

Коомдук кеңештер эч нерсе кылбагандай таасир калтырууда. Анткени биздин институт жаңыдан бутуна туруп келе жатат. Мындай пикирин Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин коомдук кеңештери коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу көз карандысыз.

«Бизде коомдук кеңештин мүчөлөрү ой-пикирлерин ачык айтат. Эң негизгиси иштер жасалууда. Коомдук кеңештин мүчөлөрү маяна албайт. Кеңешке коомчулукка пайда алып келүүнү каалаган адамдар келүүдө. Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө каражат төлөп бербеш керек», — дейт Абдыров.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңеши коомдук кеңеш кабыл алган чечимдерге кийлигишпейт, бирок ишердүүлүгүн көзөмөлдөп турат.

«Координациялык кеңеш коомдук кеңештин ишин талкууга алып, эреже бузуу болсо мүчөлүктөн чыгарат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу, конференцияда министрлер, агенттиктердин жетекчилери иш-чаранын соңуна чейин отуруп, курч суроолорго жооп берди. Иш-чарадан соң коомдук кеңештер менен жакшы алакада болуп калды», — дейт Абдыров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM