Биз менен байланышыңыз

Абдыров: айрым мекемелер коомдук кеңеш менен эсептешпейт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 549 | 0

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров “Марал” радиосуна берген маегинде айрым мекемелер коомдук кеңештин пикири менен эсептешпей турганын билдирди.

Анын айтымында, Коомдук кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардагы кемчиликтерди талдап, көзөмөл кылат. Мүчөлөр коомго таасирдүү чечимдер жакшы чыгышы үчүн көз карашын билдирет, мекеменин бюджетти таза иштелип чыгуусун жана кадр саясатын көзөмөлдөөгө укуктуу.

«Коомдук кеңештердин кемчиликтери жана артыкчылыктары бар. Алсак, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кемчиликтери мекеменин коомдук кеңеш аркылуу ачыкка чыкты. Бир топ министрликтерде курч маселелер көтөрүлүп жатат. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигиндегидей кагылышуулар жок», — дейт Абдыров.

Маалыматка ылайык, айрым мамлекеттик стурктуралардын коомдук кеңеши калыптана элек. Абдыров мунун себебин коомдук кеңешке мүчө болууну каалагандар аз экени менен түшүндүрдү.

«Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн коомдук кеңешке келген адамдар дагы болгон. Алардын кызыкчылыгы башынан ачыкка чыгып, өздөрү ишти алып бара албасына көзү жетип чегинип кетишкен. Коомдук кеңештер жыл сайын жарандык коомго жана тийиштүү органдарга отчет берип турат», — дейт Абдыров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM