Биз менен байланышыңыз

Күйөрмандар «Ак шумкарларын» тосуп алышты

Кыска кабар , Спорт | 24 Янв 2019 | 940 | 0

Бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Арап Эмираттарынан кайтышты. Аларды таңкы саат 4.30да «Манас» аэропортунан вице-премьер министр Кубатбек Бронов, «Дордой» Ассоциациясынын директору Аскарбек Салымбеков жана бир нече аткаминерлер, миңге жакын күйөрман тосуп алышты.

Анда Боронов сөз сүйлөп, улуттук курама команданын бул ийгилиги кийинки муундун футболго болгон кызыгуусун арыттырарын, Азия кубогуна кыргыз футболчуларынын катышуусу эле чоң жетишкендик экенин белгиледи.

Бүгүн курама команданы тосуп алуу аземи «Ала-Тоо» аянтында улантылат. Жолугушуу саат 15:00дө башталып, чоң программада концерт менен коштолот.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигине Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышып, плей-офф баскычына чейин чыкты. Алар 1/8 финалда Бириккен Арап Эмираттарынын курамасына 2:3 эсебинде жеңилип калды. Бирок ошентсе да мыкты оюн көрсөтүшкөнүн кыргыз коомчулугу, дүйнөлүк коомчулук да белгилөөдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM