Биз менен байланышыңыз

ЖЭБди оңдоого тендер өткөрүү боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 723 | 0

Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо үчүн тендер өткөрүүгө байланыштуу сот өкүмү чыкты. Биринчи май райондук сотунун чечими менен, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевге 7 жыл 6 ай, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязовго 7 жыл, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку техникалык директору Алмаз Жусупбековго 7 жыл, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркембаев6 жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”, «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» жана «Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо» беренелери менен айыпталды.

«Электр станциялары» ишканасынын доо арызы канааттандырылып, соттолгондордон мекеменин пайдасына 6 мл 683 миң сом өндүрүлө турган болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM