Биз менен байланышыңыз

Букуев: Кубокту болбосо да көңүлдөрдү жеңдик

Күн чабыт | 22 Янв 2019 | 1584 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 3-2 эсебинде жеңилип калды. Анда оюндун 90-мүнөтүндө тең чыгуу болуп, кошумча жарым саат берилген. Кытайлык калыстын берген айып топ менен талаа ээлери жеңишке жетишти. Бирок социалдык тармактарда Кыргызстандын футболчулары мыкты оюн көрсөткөнүн жазган чет элдиктердин саны арбын. Экинчи жагынан эл аралык калыс Фу Мингге нааразы болгондор да аз эмес.

Футбол темасы боюнча Кичи футбол ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев ой бөлүштү.

Марал: Азия кубогунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы кандай ойноду? Сиздин адис катары күтүүлөрүңүз акталдыбы?

Медет Букуев: Эң алгач күйөрман катары айтсам, толугу менен айтаарга сөз жок. Анткени оюндун бардык компоненттеринде Кыргызстандын курамасы дасыккан командалардын катарына киргенин далилдеди. Мен өзгөчө белгилеп айтаарым, “команда уттурса машыктыргыч күнөөлүү, утса оюнчулардын баарына” деп айтылат. Бирок көрүүчүлөрдүн баары байкады окшойт, биздин улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестининдин кесипкөйлүгүнөн, өзүн алып жүрүүсүнөн, токтоолугунан өтө көп нерсе көз каранды болуп жатты. Өзүңөр көргөндөй, биздикилер экинчи голду киргизгенде запастагы оюнчулар келип сүйүнгөнүнөн машыктыруучуну басып жыгылышты. Ал болсо салабаттуу, токтоолугун кармап, “оюн дагы бүтө элек” деген мааниде өзүнүн мүнөзү менен командага өтө чоң духту берип жатты.

Эми адис катары айта турган болсом, кыргыз улуттук курама командасындагы оюнчулардын техникалык көрсөткүчтөрүндө бир аз кемчиликтер болуп жатты. Коргонуудан чабуулга өтөөрдө же берки тарап коргонуп жаткан кезде дагы өсүшү керек экенин көрдүк. Мисалы, араптарды байкасаңар, пас берүүдө шарт-шарт, арты-арты менен берип жатышты, биздикилер аракет кылып жатты, бирок толкундоо болду окшойт. Ошентсе да оюн жакшы болду.

Марал: Жарым сааттык кошумча убакыт кошкондо кыргызстандыктардын дарбазасына жакын жерде эреже бузулду деген айып менен арабдарга пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн бергени канчалык туура болду?

Медет Букуев: Биз кандайдыр бир деңгээлде калыс араптарга кандай кылып жан тартып коет экен деп кооптонуп жатканбыз. Ошол кооптонуу ишке ашты. Ал жерде айып топ туура эмес берилгенин бир топ далил менен айтса болот. Эми болору болду. Калыс араптарга 12-оюнчу болуп ойноп берди.

Марал: Эл аралык калыстын өтө чоң адилетсиздик кылганы күйөрмандар тарабынан да айтылып жатат, негизи калыстын мындай аракети эмнеден кабар берет? Же футбол саясатташып кеткенин айтсак болобу?

Медет Букуев: Эми футболду өзүңөр билесиңер да, спорттун королу болгондуктан чоң саясат да, чоң акча каражаты да бар. Мунун баары биригип келип, адамдын туруксуздугу, чечкинсиздиги, сатылып кетме мүнөздөрү да кошулуп жатат. Бул оюнда биздин команда адилетсиздикке туш болду деп так эле айтсак болот.

Марал: Кыргызстандын улуттук курамасы Азия биринчилигинде көрсөткөн оюндарынан кийин эл аралык уюмдар, топтордон кызыгуулар болуп жатканы айтылган. Эгер мамлекет футболго жакшы каражат бөлүп, аларды колдоого албаса башка топтор үчүн ойноп кетүүсү мүмкүнбү?

Медет Букуев: Бул боло турган эле нерсе, андан кооптонбош керек деп ойлойм. Экинчиден, башка жакка ойноп кеткен күндө деле биздин футболчулар үчүн, өлкө үчүн жакшы жарнама болот. Ошондой эле, бул кийинки муунга чоң үлгү болот, алардын футболго кызыгуусуна, өнүктүрүүсүнө түрткү болот.

Эң негизгиси, футболдо күйөрмандардын назарына илиниш өтө оор. Анткени күйөрман өтө сезгич, катуу критик болот. Бирок бул оюнда менин оюмча, кыргыз футболчуларына ыраазы болбогон күйөрман калган жок, президенттен баштап короо шыпырган кишиге чейин кыргызстандыкмын деп ыраазы болуп, жүрөгүндө намыс толуп, кубанычтан көздөрүндө жаш толуп турса керек.

Copyright © 2017 Maral FM