Биз менен байланышыңыз

Сириядагы кыргыздардын өлкөгө кайтуу кыялы күч

Коом | 21 Янв 2019 | 1406 | 0

Сириядагы кыргыз келиндер жакындарына кайрылып, Кыргызстанга алып кетүүлөрүн суранышкан. Бул боюнча аудио жазуу жергиликтүү маалымат булактарына чыкты. Анда жакында эле коңшу Казакстан өз жарандарын Сириядан алып кетип жатканы айтылып, кыргыздарды да экстрадициялоо өтүнүчүн билдиришкен. 

Казакстандын атайын кызматы 5-6-январь күндөрү жүргүзгөн «Жусан» операциясынын алкагында Сирияга кеткен жарандарын кайтарып келди. Жалпысынан ал жерден 6 эркек, 11 аял жана 30 баладан турган 47 кишини алып кайтышкан. Алар өз ыктыярлары менен мекенине кайтууга макул болушкан.

Кабарды алдын ала уккан Сириядагы кыргызстандыктар жакындарына айтып, аларды да алып кетүүсүн өтүнүшкөн. Бул тууралуу кайрылууну кыргыз келини атасынын телефонуна WhatsApp аркылуу жиберген.

-Казакстандын учагы эртең келет экен. Алардыкы чоң да, балким 100 кишилик. Туурабы? Бул жакта 7-8 эле казак бар. Ошол 7-8 кишиге бир учак келет экен. Эртең Камышлы деген шаарга келишет. Алар кыргыздарды дагы ала кете албайбы? Бул жакта 5 кыргыз бар.

Андан мурда, декабрдын аяк ченинде Орусия өзүнүн 30 жаранын кайтарган болчу. Чет өлкөлүк маалымат булактары Сириядагы күрт лагеринде жүргөн жарандарына мамлекети тарабынан кайрылуу жиберсе, адамдарын кайтарып берип жатканын жазып жатат.

Буга байланыштуу учурда Сирияда террористтик топтордун катарында жүргөнү айтылган 600дөн ашуун кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча өкмөттүн позициясын билгенге аракет кылдык.

Бул боюнча Тышкы иштер министрилиги ал жакта жүргөн жарандардын жакындары тарабынан массалык түрдө кайрылуу болбогонун билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаевдин айтымында, кайрылуулардын саны такталууда.

-Сиздердин суроо боюнча тиешелүү консулдун жетекчилерине айтым. Алар массалык кайрылуу келип түшпөгүнүн билдирди. Азыр кайрылууларды тактап жатышат.

Ал эми өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетини кайрылуулар боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып барып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

-Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иш алып барып жатат. Кайрылууну текшерип, анын жыйынтыгында тиешелүү иш-чаралар кабыл алынат.

Президентине караштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Сириядагы кыргызстандыктарды кайтаруу маселесине кеңеш кийлигише албай турганын  айтты.

-Сирияга кеткен Кыргызстандын жарандары негизинен согушттук аракеттерге катышуу үчүн кеткен. Биз тараптан согуштук аракеттерге катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Муну алар өздөрү жакшы билишет. Ал эми күйөөлөрү менен кеткен аялдар жана балдары боюнча ар бири менен өз алдынча иш алып барылат. Аларды Сирияга эч ким күчтөп кетирген жок. Эгерде согушттук аракеттерге катышпаганы аныкталса, алар өлкөдө мыйзамдуу түрдө эркин жүрө алышат.

Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын маселеси боюнча жакындары Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировго да кайрылышкан. Эл өкүлү аталган маселеге кыргыз өкмөттү эртерээк көңүл буруусу керек деп эсептейт.

-Казакстан Кытайдан 2000 адамын чыгарып кетти деген маалыматтар чыгып жатат. Сириядан да алып кетүүдө. Буларды айтып мага жарандарда кайрылып, жардам сурап келди. Бул иштерди биздин өкмөт да жасашы керек. Тышкы иштер министрлиги, Башкы Прокуратура биргеликте жумуштарды аткаруусу керек эле. Кандай жумуштарды аткарып жатканын сураштырышым керек экен. Мага келген жарандарга «кайрылуу жазгыла, өкмөткө жиберемин» дедим. Жумуштар сөзсүз болот. Бирок азыр саясат менен эле алектенишиүүдө.

Эксперттер да кыргыз бийлиги бул маселенин үстүнөн иштеши керек экенин белгилейт. Сириядагы жарандардын арасында үй-бүлөсү менен кеткендери да кездешет. Анын ичинде экстремисттик идеологияга сугарылып, анын негизинде баргандар да бар. Алданып барып калгандар да жок эмес. Ошондуктан Кыргызстан өзүнүн жаранына камкордук кылып, аларды кайтарып келүүсү керек экенин коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов билдирди.

-Сириядагы жарандарыбызды алып келип, алардын оозу менен ал жакта эмне болуп жатканын элге түшүндүрсөк болот. Чындыгында, «эмне себептен барып калды, кандай окуялар болду жана абалдар кандай?» деген суроолого жооп алышса… Согуш деген эмне экенин, алданган кандай болорун, экстремисттик идеология менен Исламдын айырмачылыгын алардын оозунан укса болот эле. Ушул себептен жарандарыбызды алып келишибиз керек. Биринчиден, жаш балдарды алып келүү зарыл. Алар ошол жакта тентип жүрө береби? Буга өкмөт сырттан карабастан, тикеден-тик киришүүсү шарт.

Азыркы тапта Сириянын өкмөттүк күчтөрү аймактагы согушкерлерди, террордук топторду сүрүп чыгып, кубатынан ажыратты. Чет элден келген жалданма согушкерлерди кандай жол менен келсе, ошондой кетүүлөрүн талап кылды.

Терроризм, экстремизм жана улуттук коопсуздук боюнча эксперт Бекижан Ахметов Сирияга кеткен жарандардын маалымат базасын даярдоо керек деп эсептейт.

Анын баамында, бул жаатта кыргыз өкмөттү аракет жасап жатат. Алдына ала айтпастан иш-аракет кылуусу мүмкүн.

-Аларды адаптация кылуу үчүн адисттерди даярдоо керек. Маселен, психолог, дарыгер, эла аралык мамилелер боюнча адистер, күч органдарынан жана башкалардан турган группа түзүлүү зарыл. Кайтып келгендерди фильтрация кылган жер керек. Ким адам өлтүргөн дараметтүү террорист, ким адашып барып, айласыз жүрөт-муну билүү керек. Аларды мекенге кайтарган соң ар бирин тактап, суракка тартып тааныйлы. Согуштук иш-аракетке катышып жүргөндөрдү тиешелүү жазасын берип, алданып барып калгандарды комплекстүү чара менен психолог, дин кызматкери, укук коргоочулар жана башка адистердин жардамында коомго аралаштырып, экстремизмден куткарууга толук мүмкүн. Бул жумуштарды өкмөт алдын ала айтып алып аткара албай калса дагы жаман. Ошону үчүн үн катпай жатышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Сирияда согуштук аракет басаңдап калган. Бүгүнкү күндө миңдеген сириялыктар өз мекенине кайтып жатат.

Эске салсак, 2011-жылы тутанган согушту жөнгө салуу жүйөсү менен бир нече мамлекет өзүнүн күч түзүмдөрүн Сирияга киргизишкен. АКШ, Израиль, Түркия жана Орусиянын аскерлери учурда аймакта өз иштерин алып барууда. Жакында Америка Сириядагы террордук ИШИМ тобун жеңгенин жарыялап, өз аскерлерин чыгарып кетүү боюнча документке кол койду. Бир нече аптада алар толугу менен өлкөнү таштап кетишмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM