Биз менен байланышыңыз

Күрөөканалар эми жаңы тартип менен иштейт

Экономика | 21 Янв 2019 | 115 | 0

Ломбарддардын иши жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Буга чейин ломбарддар күрөөгө коюлган мүлктү кардар 60 күн ичинде төлөбөгөн учурда алып коюга укуктуу болсо, эми ал бир айга деп өзгөртүлдү.

Кечкисин акча таппай калган учурда ломбарддардын көп эле кереги тиет. Ар кандай кырдаал чыгат. Жыл башында батирдин ижара акысын бере албай алтын сөйкө-шакегимди калтырууга аргасыз болдум;

-Азыр баардык жерде соода солгундаган учур. Өзүм игтеген тигүү цехи дагы токтоп калды. Үй-бүлөнү багыш керек. Ошон үчүн 15 миң сомдук телефонумду калтырып 5-6 миң сом алайын дегем. Чынын айтсам акчага зарылып турганда пайыздарын деле караган жокмун;

-Ломбарддан акча алайын деп келген. Сөйкөмдүн салмагы аз деп бербей коюшту;

-Унаа менен кырсыктаган учурда досторум чогулуп телефондорубузду таштап акча алганбыз. Бүгүн анын пайыздарын төлөйүн деп келгем. Башка туугандардан андай акча чыкпайт да. Ошондуктан ыңгайлуу.

Ар башка кырдаал менен ломбардга күн-түн дебей кайрылгандардын аягы суюлбайт.  Бул биз турган жарым сааттык эле кайрылгандардын тизмеси. Акчага зарыгып турганда чоң пайыздарга карабай алууга мажбур болушат.

Эми мындай жеке жактар иштеткен жайлардын иштөө тартибине өзгөртүүлөр кирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков  өткөн аптада «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга» кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Бул аталган мыйзамдын 11-беренесинин жоболорун Жарандык кодекстин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда көпчүлүк жарандар үй-жайын, унаасын, дагы башка баалуу мүлкүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калган учурлар эске алынган. Ошондон улам эгер кардар убагында карызын төлөй албай калса, ломбарддар анын күрөөгө койгон мүлкүн 30 күнгө кармап турууга милдеттендирилди.

Эгерде алынган каражат сүйлөшүлгөн мөөнөттө кайтарылбаса, кардар жеңилдик берилген 30 күндүн ичинде кутулса болот. Бул мезгил ичинде ломбарддын пайыздык үстөктүн акчасын көтөргөнгө укугу болбойт. Андан сырткары, сактап турганы үчүн да акча ала албайт. Жаңы кирген өзгөртүүлөр менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрага орун басары Мыктыбек Абиров тааныштырды.

Бул мыйзмага үстүбүздөгү жылдын 22-январында президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган. Мында буга чейин 60 күн деген сөздөр бир айга өзгөртүлдү. Негизги себеби жарандык кодекске карма-каршы келип калууда. Анткени кодексте күрөөгө алынган кодекстер бир айга чейин гана сакталат. Андан соң ломбард алынган буюмдарды сатууга укуктуу болот.

Бирок мыйзамга кирген өзгөртүүлөр жөнүндө көпчүлүк күрөөканалардын маалыматы жок. Бишкек шаарында 24 саат иш алып барган «312» күрөөканасы көп жылдан бери иштеп келет. Күрөөгө автоунаа, үй-тиричилик техникаларын, уюлдук телефон жана зер буюмдарды алышат. Жаңы тартип жөнүндө укпаса дагы кардарлардын бардык шарты эске алынарын айтууда. Анткени эски буюмду сатуу деле ломбарддар үчүн оңойго турбасын атын атагысы келбеген кызматкер билдирди.

—  Биз негизи карлардар менен 1-3 айга чейин деп келишим түзөбүз. Ал мөөнөттө төлөй албай калса пайыздарын эле берип турса болот. Анда дагы бере албаса уюлдук телефонуна эскертүү жөнөтөбүз. Анда дагы жооп болбосо гана өздүк номуруна күрөөгө калган буюмду сатыкка чыгара турганыбызды билдиребиз.

 Буга чейин айрым депутаттар тарабынан карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жаткан учурлар көп экенин айтып чыгышканы бар. Жарандардын укугун коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү учур талабы экени белгилешкен эле. Ошону менен бул маселе күрөөканаларды жабууга чейин жеткен.

Анткен менен мындай демилгеге Экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова кошулбайт. Рыноктук шартты эске алганда, аларды бир кырка башкаруу жагын колго алууга чакырат. Болбосо көмүскөдөгү иш улана берет деген ойдо. Ошондуктан аларга көзөмөл жагын гана күчөтүү керек.

Базар экономикасында кандай инструменттер болсо, жарандарыбыз сөзсүз аны колдонушу керек. Буга чейин казинолор бизге зыян алып келип жатат деп жаап салдык эле. Алар ошол боюнча ишин токтотуп салган жок да. Тескерсинче, мамлекетке бир тыйын төлөбөй көмүскөдө иш алып барып жатышат. Ломбарддар деле дал ошол сыяктуу. Аны жабуу идеясы туура эмес. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин күрөөканаларды көзөмөлгө алуу Улуттук банкта болчу. Эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына өткөрүлүп берилген эле.

Кыргызстандын аймагында жалпы 222 күрөөкана лицензиянын негизинде иш алып барып келет.

Copyright © 2017 Maral FM