Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Автоунаанын терезесин караңгылатууга уруксат берилген эмес

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 970 | 0

Автоунаанын терезесин караңгылатууга уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлайт.

Унаалардын капталындагы, алдыңкы терезелерин караңгылатууга тыюу салынган. Бирок жаңы Кодекстеги 129-135 беренелер боюнча унаанын терезесин караңгылаткандарга чара көрүү Транспорт жана жолдор министрлигине жүктөлгөн.

Ички иштер министрлиги бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү сунушун берген.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү унаа терезелерин караңгылаткандар көбөйгөнүн окурмандар айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM