Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Бириккен Арап Эмираттарына каршы ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 21 Янв 2019 | 925 | 0

Бүгүн, 21-январда футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычындагы оюндар алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23.00дө болот.

Кыргызстандык футболчулар буга чейин 16-январда Филиппин өлкөсүнүн курама командасын 3:1 эсебинде утушкан. Ага чейин биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM