Биз менен байланышыңыз

Футбол: Азия кубогунда Кыргызстан 1/8 финалда ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 812 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен арап эмираттарындагы Азия биринчилигинде плей-оффко чыкты. Алар 16-январда Филиппин өлкөсүнүн курама командасын 3:1 эсебинде утту.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс 3 голду тең киргизип, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөттү.

Оюндун экинчи айлампасынын 21-мүнөтүндө Филиппиндик оюнчулар айып соккудан кийин эсепти 3:1 кылып кетишкен болчу.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болуп,  биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Акыркы беттешти өткөрөрдүн алдында президент Сооронбай Жээнбеков команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ийгилик каалап, Кыргызстан футболчулары менен сыймыктанарын, Азия биринчилигине кыргыз курамасынын катышып жатканы быйылкы жылдын эң чоң окуясы экенин айткан.

Маалыматтарга караганда, Виталий Люкс 1989-жылы 27-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын жана Германиянын жараны. Кыргыз улуттук курамасынын пайдасына 3 голду киргизген чабуулчу  2015-жылдан бери Кыргыз улуттук курама командасында ойноп келет.

Copyright © 2017 Maral FM