Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга 125 даана техника берди

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 515 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Мамлекеттик чек ара кызматына аскер техникасын тапшыруу аземине катышты. Анда ал Кыргызстан чек ара коопсуздугу тармагында гана эмес, башка дагы кызматташтыктын маанилүү тармактарында берилип жаткан Орусиянын жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

Өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Орусия ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участогуна, анын ичинде өткөрүү пункттарынан сырткары жерлерди техникалык жана инженердик жабдуу боюнча 48,58 доллар бөлүп берүүдө.

125 даана автомобиль жана атайын техника алып келинди, анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч, экскаватор-жүктөөчү, автокран, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар.

Келишимдин суммасы 3 млн долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында техникалык жана инженердик жабдуу 93%га өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары, колдонууга чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имараттардын жана жабдыктардын комплекси киргизилип жатат, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында ишке киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM