Биз менен байланышыңыз

БатМУнун окутуучулары президентке кайрылды

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 4521 | 3

Баткен мамлекеттик университетиндеги коррупциялык аракеттерге каршы күрөшүү үчүн президентке кат жолдонду. Анда буга чейин бир катар текшерүүлөр орун алганына карабастан коррупциялык схема дагы деле уланып келе жаткандыгы айтылат.

Аталган окуу жайдын ага окутуучусу Кубанычбек Таировдун маалымдашынча, 2017-жылы 39 диплом мыйзамсыз берилгендиги аныкталып, 7 окутуучуга соттук өкүм чыкканы менен, мыйзамсыз аракеттин башындагылар эмес аткаруучуларга гана чара колдонулган.

Кайрылууда окуу жайга студенттерди кабыл алууда коюлган тоскоолдуктардын көп экендиги да айтылат. Алсак, 2018-жылы башкы мекемеде күндүзгү бөлүмгө 38 гана студент кабыл алынган.

Ошондой эле университеттин жетекчилиги тарабынан ашыкча чыгымдар да көп болору маалымдалган. Ректор Абдивап Зулпуев Францияга, Москвага жана башка өлкөлөргө жубайы менен сапарга чыкканы, анын баары университеттин эсебинен каржылангандыгы айтылган.

Маалыматта жазылгандай, жыйынтыксыз иш сапарларга  2017-жылы 6 млн 230 миң 797 сом чыгымдалган. Ректордун Франциядан алган “Илимдеги наам” жеке сыйлыгына 2 миң доллар окуу жайдын эсебинен төлөнгөн. Бирок башка кызматкерлерге ушул эле багыттагы иш сапарлар үчүн акча каралбайт.

-Ректор үчүн кызматтык унаа 2017-жылы 11 миң долларга сатылып алынган. Бул абдан кымбат болгон. Тендердин кандай өткөндүгү дайынсыз. Кызматтык унаага 2017-ж. 333 миң 900 сом жумшалган. 2018-жылы 7-октябрда ректордун шалаакылыгынан машина Баткенден Кызыл-Кыяга түн жарымында баратып, масчылыктан кырсыкка учурап, айдоочусу каза болгон. Бирок бул боюнча эч кандай текшерүү иштери жүргөн да, чара колдонулган да эмес, — деп катта айтылат.

Кубаныч Таировдун президентке жолдогон катында БатМУда жогорку билимдүү окутуучулар 6-7 миң сом, ал эми айдоочу 20 миң сом айлык алары да жазылган.

Бул боюнча ректор өзү эч кандай маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, териштирүү иштери бүткөнгө чейин Абдивап Зулпуевди кызматтан алып турууну да суранышкан.

 

3 пикир

3 пикир

  1. элиза

    30.01.2019 10:04

    Мы студенты БатМУ КПИ хотим рассказать что наш университет просто в аварийном состоянии .Вапше невозможно учиться .В здании невозможно находиться ,всегда холодно мы мерзнем.Сидим в куртках,болеем из-за этого.

  2. Медербек к. Ч

    30.01.2019 22:54

    БатМУ КПИде окуу имараты талапка такыр жооп бербейт, кычыраган кыштын кунундо жылыткыч турбалар тонуп,кээде электр энергиясы да болбой калган учурлар коп болот. Кыш менен курошуп, суукка карабай билимге суусап келген студенттер окуу жайда бир жылуу аудиторияларда олтуруп билим алуунун ордуна какшап , терезелери сынык, бул терезеден шамал кирип тиги терезеден чыгып кетип аткан аудиторияларда акча менен кайтарылгыс Ден соолуктарын , желдей учкан убакыттарын жоготуп атышат.
    Биз студенттер контрак толоп туруп эмне учун суук аудиторияларда сабак отушубуз керек……..?!
    Контрак толоп туруп эмне учун сессияларла акчага баа алышыбыз керек….?!
    БатМУ КПИ де таланттуу студенттер Жана кучтуу спортсмендер бар.
    Универсиядаларга катышкан студенттерге акча каражаттарын толоп берилбейт, спортсмендер оздоруну оздору финансы жактан каржылап , универсиядаларга катышып келишуудо Жана жакшы ийгиликтерди жаратышууда.
    Тилекке каршы Окуу жай тарабынан мындай нерселерге эч эле колдоо жок!
    Маданий иш чаралар деле канааттандырарлык даражада эмес.
    Мугалимдердин студенттерди окууга кызыктырууга болгон жондомдуулугу жетишсиз, натыйжада жылдан жылга абутруенттенрдин саны азаюуда.

  3. Тазагул

    05.02.2019 10:32

    Мы студенты БатМУ КПИ наш университет в аварийном состоянии, холодно невозможно учиться.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM