Биз менен байланышыңыз

1300дөй киши ажылыкка кезексиз катталат

Күн чабыт | 9 Янв 2019 | 2015 | 0

Быйылкы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу бүгүн, 9-январдан башталат. Каттоо биометрикалык паспорттун негизинде жүрүп, 31-январга чейин уланат. Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга 5485 квота бөлүнгөн. Кененирээк маалымат алуу үчүн муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев менен маектештик.

-Бүгүн каттоо башталат, быйылкы ажылыкка каттоодо кандай жаңылыктар киргизилди?

-Быйылкы ажылыкка катоо өткөн жылдагыдай эле биометрикалык паспорттун негизинде болот. Биометрикалык паспорттун негизинде каттоого алуу ыңгайлуу. Анткени андагы чиптеги маалыматты  электрондук түргө көчүрүп алуу оңой болот. Ажыга барууну каалаган жаран электрондук түрдө 500 доллар төлөгөн квитанциясынын негизинде каттоого турат.

-Каттоого туруу үчүн шарттар кандай?

-500 доллар төлөгөн квитанциясы, РСК Банкына (Ажылык-2019 эсебине) төлөнгөн (700сом) квитациясынын түп нускасы, 3х4 көлөмүндөгү сүрөт, №086 формасындагы медициналык тактама. Ошондой эле тиешелүү келишимдерге да кол коюу керек.

 -Квоталарды бөлүштүрүүнүн жол жобосу кандай?

Убактылуу республикалык штаб бар. Анын курамында ар кайсы министрлик, ведомстволордон өкүлдөр кирген. Алар квоталардын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлгө алат. Биринчи кезекте катталып, кезекте калып кеткендерди кезексиз киргизип (алардын саны 1300дөй), андан кийинки калган квоталарды аймактарга калкына жараша бөлүштүрүлөт. Эгерде квотаны толтура албай калгандардын квотасы болсо башка аймактарга калкына жараша бөлүштүрүлөт. 

-Катталып бирок өтпөй калган жарандарга кандай мүмкүнчүлүк бар?

-Республикалык штабдын чечимине жараша болот.

-Буга чейин коомчулукта ажылыкты уюштурууда коррупциялык көрүнүштөр бар деген сөз болуп келген. Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн кандай шарттар каралды. Ажылыкка баруу үчүн жалпы канча төлөш керек?

-Биринчиден, төлөмдөр РСК банкка төлөнөт. Азырынча так сумма эсептелине элек. Билет баалары бекитилгенден кийин, жалпы калькуляция болот. Бирок азырынча алдын ала төлөмдү, 500 долларды төлөп каттала беришет.

-Рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM