Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Текебаевдин шайлоого баруусун каалабагандар болууда

Күн чабыт | 8 Янв 2019 | 1452 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулушу мүмкүн экендиги айтылууда. Жактоочуларынын айтымында, Текебаев буга даяр. Бирок дарыгерлер ага туруктуу көзөмөл керек экендигин айтып жатышат. Текебаев ошондой эле аны бошотуу боюнча ырайым суроодон баш тартып келет. Бул маселе боюнча Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджановго суроо узатып, маалымат алдык.

Марал: Өмүрбек Текебаевдин дарылануу мөөнөтү качан аяктайт жана ал кайра абакка которулса иши кандай чечилиши мүмкүн?

Искен Афиджанов: Биз азыр так маалымат айта албайбыз, бирок биздеги маалымат боюнча Өмүрбек Текебаев бүгүн же эртең кайра абакка которулушу мүмкүн. Биз буга даярбыз. Өмүрбек Текебаев дагы буга даяр. Бирок дарыгерлер гипертония жана жүрөк оорусу менен жабыркаган жаранга дайыма дарыгердин көзөмөлү керек деп жатышат. Азыр абалы туруктуу, бирок күтүүсүз жерден өзгөрүлүп кетиши мүмкүн.

Марал: Өзүн кандай сезип жатат, маанайы кандай? Ырайым суроо боюнча кандай ойдо болууда?

Искен Афиджанов: Өмүрбек Чиркешович эч качан ооруп жатам деп айтпайт. Анын духу абдан күчтүү. Эч кимден да коркпойт. Буга чейин аайткандай эле ырайым суроодон баш тартып келет. Себеби эч кандай күнөө кылбаганы, ак экендигине ишенет. Өзү ырайым суроого барбайт.

Марал: Сиз социалдык тармакта билдирүү жасап, Текебаевдин жатак абагына которулуусуна тоскоолдук жаратууга кызыктар жактар болуп жатканын айттыңыз. Алар кимдер?

Искен Афиджанов: 2019-жылдын 20-мартында Текебаев жатак абагына которулууга укугу бар. Документтерде ушундай уруксат бар. Бирок мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бул мөөнөт туура эмес эсептелип жатканын айтып, ал 2020-жылы гана жатак абагына чыгышы керек дегендей сөздөр жүрүп жатат. Алар бардык аракеттери менен Текебаевди парламенттик шайлоого катыштырбоого аракет кылышууда. Биздин оюбузда бул туура эмес жана акыйкатсыздык. Ошондуктан азырынча тийиштүү жактардын расмий чечимин күтүп жатабыз.

Марал: Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Өмүрбек Текебаевдин абакка которулушу боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек. Негизи ырайым кандай берилет, деги эле Текебаевдин иши кандай чечилиши мүмкүн, бул боюнча юрист Мукар Чолпонбаевдин пикирин уктук.

Марал: Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү президентке жолдоп, аны парламенттеги фракция лидерлери да колдогон. Бул канчалык күчкө ээ?

Мукар Чолпонбаев: Негизи ырайым берүүнүн жобосу боюнча, ырайымды соттолгон жаран өзү сурашы керек. Анан башкалардын анын атынан ырайым суроосу эч нерсени чечпейт. Аны мен да, сиз да сурай аласыз, ал документтин юридикалык күчү жок.

Эми жаңы жылдан кийин Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар менен караганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок ошол жаңы жагдайларды жактоочулары таба алса.

Марал: Сиз кандай ойдосуз, бул иш кандай чечилиши мүмкүн?

Мукар Чолпонбаев: Шарттуу түрдө деген жолу бар, жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин ошону пайдаланса болот, тагыраагы шарттуу түрдө эркиндикке чыкса болот. Бирок шарттуу түрдө бошотулганда да кандайдыр бир укук бузуулар болсо, ушул эле жаза кайра кайталанып калат.

Менин оюмча, Текебаевдин ишинде жаңы жагдайлар деле чыкпайт. Шарттуу түрдө чыгарат, ошону менен калат.

Copyright © 2017 Maral FM