Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Жаңы түзүлгөн комитет кендеги көйгөйлөрдү да чечет

Күн чабыт | 27 Дек 2018 | 824 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү.

Комитетти президет өзү жетектеп, төраганын орун басары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов болмокчу. Ал эми мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынан, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилеринен, эксперттерден түзүлгөн.

Комитеттин негизги функциясы, милдеттери  жана анын максаттары тууралуу «Күн чабыт» программасында  Президентик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев айтып берди.

Марал: Комитеттин негизги функциясы эмне? Ишкердикти өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик органдардан кандай өзгөчөлүгү  бар?

Иманалиев: Комитеттин негизги багыты — өлкөдөгү жалпы ресурстардын бир пикирге келүүсү. Ал үчүн ар тармактын өкүлдөрүн комитеттин деңгээлинде конкреттүү сунуш берүүгө аянтча болуп калды. Бул жерде Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана бизнес ассоциациялар дагы бар.

 Марал: Эми комитет ишин кайсы багытта баштайт?

Иманалиев: Негизги багыт аймактардагы өндүрүш саясатын анализдеп чыгуу болуп турат. Ушул жердеги мүчүлүштүктөр, тоскоолдуктар же кемчиликтер аныкталып чыгат. Ошонун негизинде өндүрүштү аймактык деңгээлде күчөтүү максатында атайын сунуштар иштелип чыгат жана андан ары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, өкмөткө же башка органдарга берилмекчи.

Экинчи чоң тармак — ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу. Бүгүнкү күнү негизги көйгөйлөрдүн бири — сот системасындагы болуп жаткан бизнес өкүлдөрдөгү кыйынчылыктар. Ошол эле укук коргоо органдары менен карым-катнашта дагы кыйынчылыктар келип чыгууда. Мындан улам, ушул маселелер дагы жогорку кеңгээлде каралышы мүмкүн.

Марал: Экономика өкмөт тараптан тескелет. Бүгүнкү күнү Ишкердикти өнүктүрүү жана коргоо боюнча агенттиктин иши канааттандырарлык болбой жатабы? Эми президент жетектей турган комитет ишкердин көйгөйүн чыны менен чечип бере алабы?

Иманалиев: Албетте, тиги орган начар иштеп жатат деп айтуудан алыспыз. Анткени ар бир орган өз деңгээлинде маселени чечип келе жатат. Жылыштар бар. Бирок ошол эле маалда өзгөрүүлөрдүн убакыт ченемдерин же басып өтчү жолдорун болушунча кыскартып, өзгөрүүлөргө тез арада барышыбыз керек. Максат — бир столдо отуруп кеңешүү жолу аркылуу бир жыйынтыкка келүү жана конкреттүү кадамдарды жасоо. Өзүңүздөр билгендей, көп учурда инвесторлор менен жер же бизнес өкүлчүлүктөрү менен иш жүргүзүүдө аймактык деңгээлде маселелер чыгып жатат. Ошондуктан жергиликтүү бийликтердин дагы бул багыттагы ишин тездетүү керек. Аймактардын болгон ресурстарын аныктап алып чыгуу турат.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM