Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө 6,5 млн турист келиши күтүлүүдө

Күн чабыт | 24 Дек 2018 | 1408 | 0

Өлкөдө кышкы туристтик сезону расмий түрдө ачылды. Салтанатуу иш-чараны ице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү жана спорттун кышкы түрлөрүн сүйгөн күйөрмандар ачышкан. Өмүрбекова анда сөз сүйлөп жатып, кышкы жана жайкы туризм ата мекендик экономиканын өнүгүшү үчүн артыкчылыктуу секторлордун бири болуп саналарын белгиледи. Мындан сырткары кышкы спорттун түрүн, кышкы туризмди өнүктүрүү керектигин айтты.

Быйылкы кышкы туристтик мезгили тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу менен “Күн чабыт” программасында маек курдук.

Марал: Быйыл кышкы туристтик сезондун башталышы кандай болуп жатат? кандай даярдык көрүлдү?

Максат Дамир уулу: Быйылкы кышкы туристтик сезон 22-декабрда расмий ачылды. Башталышы жакшы болду. Быйылкы сезонго карата көптөгөн иш-пландарыбыз бар. Январь айында дагы бир лыжа базасы ачылат. Ошол Кемин районунун базасында жана дагы башка жерлерде кышкы туризмди даңазалай турган иш-чаралар өтөт.

Марал: Чет элдиктерди тартуу үчүн өлкөнүн кооз жерлери, тоо лыжа базалары жөнүндө видеороликтер тартылдыбы?

Максат Дамир уулу: Ушул жуманын ичинде биз жаңы видеоролик жарыялайбыз. Анда Кыргызстандын кооз жерлери, туристтик жайлары тартылган. Аны өлкө ичиндеги телеканалдардан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Орусиянын телеканалдары аркылуу көрсөтөбүз.

Марал: Өлкө аймагында канча тоо лыжа базасы бар жана алардын абалы кандай?

Максат Дамир уулу: Өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар, анын ичинде 17си гана иштеп турат. 5-6 база дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Калганын келген инвестициялардын эсебинен жакшыртабыз деген ойлорубуз бар.

Марал: Былтыр Кыргызстанга сырттан 5 миллиондон ашык турист келген. Быйыл канча турист келет деп күтүп жатасыздар? Азыр туристтер келе баштадыбы?

Максат Дамир уулу: 2017-жылы келген туристтердин саны 5 миллионго жакын болгон. 2018-жылдын 10 айынын эсебинен 5 млн 800гө жакын турист келди. Анын ичинде кышкы жана жайкы сезондор камтылган. Келерки жылы 6,5 миллионго жакын турист кеелүүсүн күтүп жатабыз. Себеби ар бир жылы 10-15 пайызга көбөйүшү керек.

Марал: Кыргызстанда кышкы туризм жакшы өнүкпөй жатат деп айтылып келет. Сиз департаменттин жетекчилигине жаңы дайындалдыңыз. Бул тармакты өнүктүрүү боюнча кандай ойлоруңуз бар?

Максат Дамир уулу: Бул тармактын өнүкпөй жатканына бир топ фактор бар. Өкмөт жана Туризм департаменти тарабынан туризмди өнүктүрүү боюнча пландар иштелип чыкты. Анын алкагында 3 тараптуу иш алып баралы деп жатабыз. Биринчиси, туризмди өнүктүрүүгө жарнаманы жакшы жүргүзүү керек. Бул — маркетинг боюнча стратегияны иштеп чыгып, Кыргызстандын брендин чыгарышыбыз керек. Экинчиси, өлкөгө келген туристтердин коопсуздугу маанилүү, аны камсыз кылуу керек. Ошондой эле  үчүнчүдөн, аларга ыңгайлуу шарттар болушу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүбүз зарыл. Мына ушундай багытта иш алып барабыз.

Copyright © 2017 Maral FM