Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: сандар жана сындар

Коом | 19 Дек 2018 | 915 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту. Долбоорду ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралып,  2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштамакчы. 18-декабрь күнү Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түшкөн. 

«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткарууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамай болду. Бул болжолдогондон 230 млн сомго арзан түшкөн. Долбоор 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу парламентте биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын маалыматында, Кыргызстанга долбоордун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түштү. Анын ичинде 10 комплекс Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жолчырактарга орнотулмакчы.

2012-жылдан бери болбой жаткан жумушту биз алты ай ичинде ишке ашырдык десек болот. 37 аппараттык комплекс келип түштү. Биринчи этапты сынактан утуп чыккан компания менен бирге май айына чейин толук ишке киргизели деп турабыз. Жаңы жылдан кийин орното баштайбыз.

Белгилей кетчү нерсе, биринчи этаптын алкагында Бишкек шаарынын негизги чоң көчөлөрүндөгү төрт ылдамдык чектери жана 38 көчөнүн кесилиши каралат. Учурда Бишкек–Ош, Бишкек–Торугарт, Бишкек–«Манас» аэропорту, Бишкек–Чалдыбар жана Бишкек–Кордай унаа жолдорундагы ылдамдык режимин бузуу фактыларын фиксациялоочу стационардык аппараттык-программалык комплекстер (АПК) жайгаштырылчу орундарды иликтөө иштери жыйынтыкталган. Мында 48 ылдамдык стационардык чектери иштейт.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин маалыматында, 17 комплекс жогорку ылдамдыктагы трассаларга, ал эми 10 комплекс жол эрежелери көп бузулган аймактарга коюлат. Алар 7 түрдүү жол эреже бузууну каттайт. Жылына 1 миллиард сомдон ашык каражат түшөрүн кошумчалады.

-Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Ал бекитилгенден кийин болжол менен келерки жылдын январь айынын башынан тарта аппараттык комплекстер орнотула баштайт. Беш жылда 5 миллиард 300 миллион сом каражат түшөт. Аймактарда экинчи этапта 2019-жылдын январь айынан башталат. Ага 230 комплекс каралган. Учурда техникалык жактары каралып жатат. Келишим боюнча жабдуулардын иштөө сапатына 5 жыл кепилдик берилди. Жабдуунун сапатына Орусиянын «Вега» компаниясы жоопкерчилик алат.

“Коопсуз шаар” долбоору “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Анын 2-этабынын алкагында өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулмакчы.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган долбоорго 101 кызматкер каралганын айтты.

-101 штат каралган. 4 бөлүм, бир жетекчи менен иш алып барат. Долбоор ишке ашса, бардык жерде жол кайгуул кызматкерлери турбайт. Керектүү учурда гана барат. «Коопсуз шаар» ишке киргенден кийин гана патрулдук милицияны түзүү орундуу деп эсептейм.

Талкууда бул долбоорго Бишкек шаарынын бюджетинен каражат жумшалбастыгы белгилүү болду.  Коюлуучу жабдуулардын баасы боюнча элге кеңири маалымат берүү, долбоорду ишке ашырууну ийгиликтүү баштап кетүү үчүн өзүнчө бир орган же мобилдүү топ түзүү сунуштары айтылды. Ошону менен катар “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай калса кайсы бир орган жоопкерчилик тартышы керектиги белгиленди.

Депутат Алтынбек Жунус уулу долбоордун ишке кириши менен жол эрежесин бузгандарга айыппулдар автоунаа катталган ээсине салынарын тактады.

-Атайын кагаз автоунааны айдап бараткан адамга барабы же анын ээсинеби? Азыр унаанын документин өзүнө каттабай айдап жүргөндөр көп.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев коомдун коопсуздугу боюнча баардык коомдук жайларда видео-камераларды орнотуу зарылдыгын айтып, СССР маалынан калган жол белгилерин заман талабына жараша коюуну сунуш кылды.

Коопсуздук боюнча коомдук жайларда видеокамераларды орнотуу зарыл. СССР маалынан калган жол белгилерин жаңысына алмаштыруу керек.

Депутаттар долбоор 6 жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгын айтышып, тармактык комитеттин бул долбоор боюнча өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык эмес деген чечими негизделип чыгарылгандыгын ортого салды. Айрым депутаттар Абылгазиев жетектеген өкмөттүн келиши менен “Коопсуз шаар” долбоору ордунан жылгандыгын белгилешеип, ишин эске алуу боюнча баа берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Ошондой эле токтомго “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча алты айдан кийин маалымат алыша турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM