Биз менен байланышыңыз

«Балдар үйүндө калгандардын жарымы — мигранттардын балдары»

Күн чабыт | 14 Дек 2018 | 1559 | 0

Балдардын укугун коргоочулар, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү 2019-жылды «Балдардын жылы» деп жарыялоо сунушу менен чыгышты. Буга чейин ушундай эле демилге менен эл өкүлү Айсулуу Мамашева да айтып чыккан. «Күн чабыт» программасынын алкагында ушул тема боюнча эл өкүлү менен маек курдук.

-2019-жылды балдар жылы деп жарыялоо сунушталды. Бул жыл жарыяланса балдардын кайсы маселеси көтөрүлүшү керек?

-Сөзсүз түрдө билим берүү маселеси, мигранттардын балдарынын камкордугу көтөрүлүш керек. Анткени бүгүнкү күндө мигранттардын агымы күч алып жаткан кез. Натыйжада, алардын бул жакта калган балдарынын укугу бузулган учурларга күбө болуп жатабыз. Конкреттүү сандарга токтоло турган болсок, балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын 5% эле тоголок жетим. Калгандарынын атасы же апасы бар. Алардын дагы жарымы — мигранттардын балдары. Бул — чоң социалдык көйгөй.

-Буга чейин 2012-жыл “Үй-бүлө” жылы деп жарыяланган. Эми бул жылды балдар жылы деп жарыялоо менен көйгөйдү чечүүгө болобу? Айтайын дегеним, каржы маселеси чечилбесе, жыл декларативдүү мүнөздө гана болуп калбайбы?

-Эмне үчүн биз бул жылды атайын балдар жылы деп жарыялоо менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз? Анткени кайсы жыл жарыяланса, ошого көбүрөөк көңүл бурулат. Ага атайын каражат бөлүнүп, ал багытта көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын программалар түзүлөт. Биз да ушул жыл балдарга арналса, бир топ көйгөйлөр чечилмек деп ойлойбуз.

-Буга чейин сиз да балдар маселесин көтөрүп, келерки жылды балдар жылы деп жарыялоону сунуштагансыз. Сиз сунушуңузду эмне менен бышыктар элеңиз? Жеке өзүңүз депутат катары кандай мыйзамдарды сунуштамаксыз?

Бүгүнкү күндө мен жеке депутат катары “Үй-бүлө” кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатам. Тагыраагы, алимент төлөбөгөн ата-энелердин жоопкерчилигин кароо боюнча. Анткени канчалаган бала атасы же энеси менен калып, материалдык жактан толук камсыздалбай, оор абалга туш болгондор бар. Мисалы, ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашып жатат. Анын кесепетинен бала толук үй-бүлөдө чоңойбой же камкордукка алынбай калууда. 

-Азырынча бул демилгени балдардын укугун коргоочулар, бейөкмөт уюмдар көтөрүп чыгышты. Бул сунушту колдогон Жогорку Кеңеште да атайын топ барбы? Президентке качан кайрылуу жасайсыздар?

Парламентте социалдык көйгөйлөрдү көбүнесе айым депутаттар көтөрүп жүргөнү маалым. Бизди колдой турган депутаттар көп эле. Ал эми келерки жылды балдарга арноо боюнча сунушту өкмөткө жибердик, президентке да кайрылдык.

-Рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM