Биз менен байланышыңыз

Каракол: Мамлекеттик бала бакчалар мыйзамсыз баа көтөрдү

Коом | 13 Дек 2018 | 662 | 0

Каракол шаарында жалпы 14 бала бакча иш алып барат. Анда жалпы 4 миӊге жакын жеткинчек тарбия алып, ата-энелер мамлекеттик эсептен сырткары айына 525 сомдон төлөп келишкен. Бул айдын башталышында шаардык билим берүү башкармалыгы тамак-ашты жакшыртабыз деген шылтоо менен бааны 10 сомго көтөрдү.
-Декабрь айы менен ар бир балага 10 сомдон кошулуп жатат. Мурда бала бакчага күнүнө 25 сомдон төлөсөк, азыр 35 сомду түздү. Ошондо биздин 2 балабызга 70 сомдон айланып калды. Мурдагыга караганда кымбат, эми айла жок балдардын билим алуусуна шарт түзөбүз да,-деди Каракол шаарынын тургуну Жаӊыл Керимова.

Белгилүү болгондой, жылдын акыркы айынын башталышы менен мамлекеттик бала бакчага болгон төлөмдөр 10 сомго жогорулаган. Шардык билим берүүнүн мындай чечимине көпчүлүк ата-энелер 2 күндөн бери нааразы болууда. Анткени кошумча төлөм менен балдардын азык-түлүгү сапат жагынан өзгөрмөк эмес. Экинчиден, иштебеген ата-энелерге материалдык жактан кыйын болмок. Ошондуктан шаардагы активдүү жарандар бул боюнча тиешелүү иш-кагаздарды текшерип чыгып, мыйзамсыз деп баамдашты.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмү мэрия менен маакулдашпай туруп өздөрүн билишти. Алар бардык бала бакчаларга бааны 10 сомго көтөргүлө деп тапшырма беришкен. Анан бакчадагы жетекчилер ата-энелерге көтөрөбүз деп маалымдашкан. Бул жерде коомчулуктун оюу, пикири, сунушу тууралуу эч кандай чогулуш өткөн эмес. Мыйзамсыз деп айтып жаткан себебим, бул жакта облустук өкүлчүлүктүн, мэриянын, жергиликтүү кеӊештин бир да токтому жок. Мисалы, бир үйдөн 3-4 бала бакчага барат алар үчүн 700 сомдон эсептегенде чоӊ акча болот,-деди Замира Оторбаева.

Ал эми шаардагы 14 бала бакчанын жетекчилерине кайрылганда, алар мыйзамсыз баа көтөрүү ишин толугу менен моюнга алышат. Алардын ичинен №10 бала бакчанын жетекчиси биз жогорку кызматтын буйругун аткарганын жашырган жок.

Мындан улам, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине кайрылдык. Алардан 735 сомго чейин көтөрүү чечими кайсы документке дал келерин сураганда, ар кайсы шылтоону айтып маалымат берүүдөн баш тартышты.

Тактап айтанда, буга чейин 1 баланын тамак ашына өкмөт күнүнө 18 сом которуп келсе, ата-энелер 25 сом төлөп беришчү. Бардыгын кошуп санаганда, айына жашоочулардын чөнтөгүнөн 525 сом төлөнчү. Эми тиешелүү чара билим берүү министрлигинен көз каранды  экендигин  вице-мэр  Гүлназ Орозова кабарлады.

Негизи билим берүү бөлүмү балдардын тамак ашына болгон төлөмдү 10 сомго көтөрү бергиле деп кайрылган. Бирок биз бул маселени карап көрөбүз, эгерде конкреттүү түрдө талапка туура келсе анда көтөрүү чечими кабыл алабыз деген элек. Булар эч кандай кагаз даяр боло электе эле мэрия уруксат берди деп 10 сомго кымбаттатып салышытыр. Учурда бул маселени токтоттурдук. Чындыгында, билим берүү бөлүм башчылары күнөөлүү болсо, биз министрликке чара көрүү тууралуу сунуш беребиз. Кызматкердерге алар чечим кабыл алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM