Биз менен байланышыңыз

Сунуш: 2019-жылды балдарга арнасак

Коом | 13 Дек 2018 | 857 | 0

Кыргызстанда 2019-жылды “Балдар жылы” деп жарыялоо сунушталды. Мындай демилгени балдар маселеси менен алектенген уюмдар көтөрүп чыгышты. Алар сунуш менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Өлкөдө балдардын укугу жана ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр көп экени айтылып, кийинки жылы көңү бурууга чакырышты.

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда балдар укуктары көп бузулуп жатканына кабатыр болуп, Өкмөт менен парламент жетиштүү чараларды көрбөй жатканын айтышууда. Бишкекте өткөн тегерек столдо балдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө гана эмес, мамлекеттик окуу мекемелеринде да жылдан жылга артып жатканы айтылды. Ошону менен бирге балдар үйүндө тарбиялангандардын саны көбөйүп, онкологиялык ооруларга чалдыккан өспүрүмдөрдүн саны өсүп жатканы кабарланды.

Жогоруда аталган көйгөйлөрдөн улам 2019-жылды «Балдар жылы» деп жарыялоо керек. Мындай сунушту Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси, укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын пикиринде, мамлекет тарбынан балдарга көңүл бурулуп жатканы менен үстүртөн гана болуп калууда. Эгерде кийинки жылы айтылган маселелерге көңүл бурулбаса, абал курчуп кетет.

-Бүгүнкү күндө жетим балдардын үйүндө өспүрүмдөрүбүздүн саны өсүп жатат. Алар 12 миңден ашат. Ошону менен бирге зордук-зомбулукка кабылгандар, абакка түшкөндөр көп. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 30 миңден жогору. Онкологиялык ооруга чалдыккандардын дарылануу системасын жакшыртуу керек болуп турат.

Кыргызстанда оор жумуштарга чегерилген балдардын көйгөйү, ошол учурда балдарга карата зордук-зомбулук дагы курч маселенин бири катары айтылып келүүдө. Өткөн жылдары бейөкмөт уюмдар базарларда оор жумушка тартылып, мектепке барбай калган балдардын саны 20 миңге жеткенин айткан эле. Бирок билим берүү мекемелери мындай санды четке кагып, алардын саны 2 177 деп берүүдө.

Кыргызстандын аялдар демократия тармагынын аткаруучу директору Гулжан Байбетова балдар жылы жарыяланса, бейөкмөт уюмдар бир топ жумуштарды жасамак деген ойдо.

-Канчалаган жардамга муктаж балдарга өкмөт, уюмдар тарбынан көңүл бурулмак. Балдар онкологиясына да жардам берилет. Эгерде «Балдар жылы» жарыяланса, чоң жумуштар жасалат. Аймактарда кризистик борборлор жок. Ошол жактарга көңүл буралы.

Адисттердин баамында, жумушсуздук, миграциянын күчтүү агымы, жашоо шарттын оорчулугу бели ката элек балдарга оор сокку болду. Алардын ден-соолугу, эртеңки тагдыры тууралуу камкордук көрүүгө ата-энелердин да, өкмөттүн да чамасы келбей жаткандай. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова сунушту президент колдойт деп үмүтөнөт.

-Алдын алуу, кеңеш жана жардам берүү биринчи орунда. Үй-бүлө же бала жардамсыз калса уюмдарга ишенбейт. Жардам сурап кайрылгандар силер айта бересиңер деп калышат. Ошондуктан мамлекетке кол кабыш кылып, 7 миң бейөкмөт уюм кризистик борборлорду аймактарда ачалы.

«Жардам берүү оңой» коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева эгерде сунуш кабыл алынса, анда балдар онкологиясынын курулушун бүтүрүүнү суранарын айтты.

-Балдар онкологиясынын курулуш иштери бир жылдан бери токтоп турат. Курулуш иштерин бүтүрүп берсин. Мындан тышкары өкмөт жана парламент “Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо” боюнча мыйзмага киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алуусун суранабыз. Өлкөдө жиликтин чучугун алмаштыруу операциясы жасалып, көптөгөн балдарды сактап калат элек. Бул абдан кымбат операция болуп эсептелет. Мекендештер чет өлкөгө барып, 50 миңден доллардан жогору баага жасатып келет.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айсулуу Мамашев да  2019-жылды «Балдар жылы» деп жарыялоо сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM