Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Жээнбаеванын каржы жагында тажрыйбасы мол

Күн чабыт | 13 Дек 2018 | 1020 | 0

Жогорку Кеӊеш финансы министри кызмат ордуна сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды. Жалпы жыйында депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана тажрыйбасы мол кызматкер катары көрсөтө алды.

Финансы министри кызматына талапкер Бактыгүл Жээнбаева жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык көмүскө схемаларды жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди жасоого, мамлекеттик каражаттын сарамжалдуу, өз багытында жана натыйжалуу пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүгө, бюджет тартыштыгын азайтууга, министрликке карата калктын ишенимин бекемдөөгө убада берди.

Мамлекеттин каржы жагын тескейм деген Жээнбаеванын талапкерлиги тууралуу «Күн чабыт» программасында Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрөгасы, депутат Эмил Токтошев айтып берди.

Парламент колдоп берген талапкер Бактыгүл Жээнбаеванын  каржы тармагында тажрыйбасы жетиштүүбү?

Кечээ премьер-министр Финансы министрлигине жаңы талапкерди сунуштады. Биз анын эмгек китепчеси менен тааныштык. Анда финансы тармагында тажрыйбасы мол экендигин көрдүк. Ал “Айыл Банкты” негиздеген жана  Мамлекеттик ипотекалык компанияны ачкан киши. Экономика илимдеринин кандидаты экен. Экономика тармагында абдан көп ишти жасаптыр. Ошого карап биз ишеним менен колдоп бердик.   

Эми ал реформа же жаңы өзгөртүүлөрдү киргизе алабы?

Албетте эми кандай иштейт ал убакыттын өтүшү менен байкалат. Бирок жоопкерчиликти толук өкмөт өзүнө алат. Премьер-министр сунуштап жаткандан кийин жасайт деп ишенем.  

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы катары каржыны пайдалануу боюнча  кандай сунуш-пикириңизди бердиңиз?

Жеке өзүм “Салык саясатында кандай иш жүргүзөсүз”-деген суроону койгом. Экинчиси көмүскө экономикада жыйынтыктуу иштеп бериңиз деп айттым. Бул эки тармак азыркы убакытта эң негизги тармактардын бири болуп турат. Ошондуктан министр эң алгач ушул иштерге көңүл бурушу керек. Жээнбаева өзү дагы бир топ убадаларды берди. Эми баарын ал кызматка дайындалгандан кийин көрөбүз. Жыйынтыкты дагы ошондо айтабыз.

-Бюджеттеги тартыштык өңдүү министрден түздөн-түз көз каранды болгон иштерди алып кете алабы?

Финансы министрлик орун эң жооптуу кызмат болуп эсептелет. Албетте, өлкөнүн каржылык абалы түздөн-түз бул кишиге байланыштуу. Ошол эле сырттан келген насыялар, анын пайдаланылышы, казынадагы каражаттын эффективдүү бөлүнүшү. Андыктан бул кызмат абдан жоопкерчиликтүү. Мен ойлойм эми өкмөт башчы ишенгенден кийин натыйжалуу алып кетет. 

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM