Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Көптөр бир жыл ичинде эч нерсе жасалган жок деп жатышат

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 521 | 0

Аймактар өнүкпөсө, мамлекеттин иши алдыга жылбайт. Ошол себептүү өкмөт аймактагы калктын жашоосун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарында айтты.

— Көптөр бир жыл ичинде эч нерсе жасалган жок деп ойлоп жатышат, бирок силер бул кыска мөөнөттүү программа экенин – келечекте анын жыйынтыгы сөзсүз болорун түшүнүүңүздөр зарыл,-деди өкмөт башчы.

Премьер-министр кошумчалагандай, бир дагы бала сапаттуу билим берүүсүз, билимсиз калбашы үчүн республика боюнча бала бакчаларды, мектептерди ачуу – Өкмөттүн башкы максаттарынын бири болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM