Биз менен байланышыңыз

«Ачык асман долбоору»: Билет баалары арзандайт

Күн чабыт | 7 Дек 2018 | 1524 | 0

Жогорку Кеңеш Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берди. Эми ага президенттин кол коюусу күтүлүүдө.

Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт деп айтылган. Анын алкагында өлкөгө кандай пайда болот? Түз байланышта демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаев суроолорубузга “Күн чабыт” программасында жооп берди.

Марал: “Ачык асман” долбоору колдоо тапса ички аба каттамдарга кандай жеңилдик болот?

Абдывахап Нурбаев: Эң биринчиден, башка өлкөдөн учуп жаткан авиакаттамдар биз аркылуу уча алат. Кыргызстандын аэропортторуна конуп, жүк таштап, жүргүнчү алып кете алат. Мындан тышкары, өзүбүздүн жарандарга Европанын көптөгөн мамлекеттерине түз учууга мүмкүнчүлүк ачылат. Анткени азыркы учурда мындай шарт жок. Биз чет мамлекеттерге Алматы, Ташкент же Түркия аркылуу учабыз.

Бул жарандардын убактысына да, капчыгына да үнөм болот. Себеби “Ачык асман” саясатынын алкагында учактын билет баалары да арзандайт. Бул саясатты ишке ашырган мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, мисалы, Армения, Грузия, Сингапур, Түштүк Корея мамлекеттеринде билет баалары 30-40 пайызга чейин арзандаган.

Марал: Ички чакан авиакомпанияларга да ыңгайлуу шарттар түзүлөбү? Же ал үчүн өзүнчө мыйзам иштелип чыгылабы?

Абдывахап Нурбаев: “Ачык асман” саясаты талкууланып баштаганда, 7-8 ай талкуу болуп, анда атамекендик компаниялар дагы сунуштарын беришти. Алар эгер бул долбоордун алкагында чоң-чоң компаниялар кирсе биз атаандаштыкка туруштук бере албайбыз дешти. Ошондуктан депутаттар тобу ички каттамдарга да жеңилдиктерди беришибиз керек деген сунуштарын иштеп жатышат.

Марал: Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президент колдойт деп ишенесиздерби?

Абдывахап Нурбаев: Президент колдойт деп ишенебиз. Себеби бул долбоорду өнүккөн мамлекеттердин баары колдонуп жатышат. “Ачык асман” долбоору ишке кирсе экономикага, туризм тармагына да пайдасы болот. Себеби Кыргызстан дүйнөгө ачылат. Көп инвесторлор силерге түз каттам жок экен деп келбей койгон учурлар бар.

Мындан тышкары, Европа бизге ВСП+ макамын берди. Бирок биз аны толук колдоно албай жатабыз, анткени бизде темир жолубуз, деңиз асты аркылуу каттам жок. Кара жол аркылуу баары кымбат болот. Ошондуктан “Ачык асман” долбоору бизге көп жол ачат.

Copyright © 2017 Maral FM