Биз менен байланышыңыз

«Жунданын» жабылышына аралашкан жеке кызыкчылык

Экономика | 6 Дек 2018 | 941 | 0

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунун ишин текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Кара-Балтадагы «Жунда» заводуна карата айтылып жаткан нааразычылыктарды иликтеп, текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына Айтмамат Назаров, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Алмасбек Акматов, Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана мамлекеттик ведомствонун өкүлдөрү кирди. Эми текшерүү иштери чукул аралыкта баштала турганын депутат Бакирдин Субанбеков маалымдады.

Комиссиянын курамына депутаттардан тышкары атайын адистерди коштук. Алардын катарында Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери бар. Биз элдин талабын аткарышыбыз керек. Биз андайга барбасак, аягы жакшылык менен бүтпөйт. Ошондуктан көйгөйдү ыкчам чечүү үчүн бул комиссия түзүлдү.
Экологдор дагы заводдун шаарга жакын курулганын зыяндуу экенин айтып келишет. Ал эми мамлекеттик тийиштүү органдар тургундар айтып жаткан жагымсыз жыт өндүрүштүн атайын зоналарында сезилерин белгилешүүдө.

Анткен менен завод бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу иштей элек. Өткөн айда завод ишин токтотууга мажбур болгон. Муну ишкананын айланасындагы соттук иштер жана чийки заттын жоктугу себеп болгон. Бирок бул жерде айрым тараптардын кызыкчылыктар бар экенин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров «Маралга» айтты.

3 млрд сомго чейин киреше бере турган компанияны салыкчылар текшеримиш болуп барат. 20 млн сом карыз экенсиз деген болбогон жүйөлөрдү айтып жаап жатышат. Компания ушул айда 300 млн сом төлөйбүз дегенине карабай ушул кадамга барышты. Бул жерде айрым кызыкчылыктар корголуп калып жатат. Ошондуктан премьер-министр, керек болсо парламент мамлекетке 10-100 млн доллар төлөй турган ишканаларды тыкыр көзөмөлгө алып, аларды коргошубуз керек.

Ал эми Экономика министрлиги «Жунданын» бюджетке салымы жогору экенин айтууда. Былтыркы жылы “Чайна Петроль Жунда” компаниясы 350 миң тонна мунайды кайра иштеткен. Ал үчүн бюджетке жалпы 2 млрд 350 млн сом салык төлөнгөн. Эми толук кубаттуулукта иштесе, өлкөнү мунай менен камсыздоого болот. Бирок заводдун токтошу бул чийки затка байланыштуу эмес экенин министрликтин аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев билдирди.

800 миң тонна чийки затты кайра иштетиш үчүн заводдун өзүнө кошумча инфраструктура керек. Ошондо бир күндө 2,5 миң тонна чийки затты алып кирип, кайра ошол көлөмдөгү даяр продукцияны чыгарып кетүү керек. Ошондуктан заводдун өзүнө кошумча мунайды сактай турган жай керек. Быйыл май сактоого жай курулуп бүттү. Анткен менен 800 миң тонна аябагандай көлөмдүү нерсе. Буюрса 2-3 жыл ичинде толук өндүрүп калат.

Эскерте кетсек, «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган.

Copyright © 2017 Maral FM