Биз менен байланышыңыз

Калилов: Кармалган орун басарым коррупция менен күрөштүн башында турган

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 2527 | 0

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Марал» радиосуна билдирди. Ал бул кабарды бүгүн укканын жана ишене албай турганын айтты.

«Менин орун басарым 2017-жылдын февраль айында өкмөттөн  келген. Ал министрликте жол жана темир жол тармагын карачу. Өз ишине так иштеген кадр эле. Мүнөзү бир аз жумшак болчу. Ошонун айынан көп эскертүү алчу. Бул кабарды  бүгүн эртең менен угуп өзүм дагы аң-таң абалда турам. Үч уктасам түшүмө кирген эмес. Анткени 1,5 жыл ичинде коррупциялык схемаларды жоюу боюнча көп жумуштарды жасаганбыз. Анын башында өзү турган«-деди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Copyright © 2017 Maral FM