Биз менен байланышыңыз

«Бутумдан уялып, сыртка чыга алчу эмесмин»

Ден соолук | 3 Дек 2018 | 1032 | 0

3-декабрь — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул күндү утурлай өткөн иш-чарага өкмөт башчы да катышып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, коомдогу активдүүлүгү жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар кишилерге ардак грамота жана сыйлыктарды тапшырды. Иш-чарага катышкан өкмөт башчы кайраттуу жана сабырдуу мекендештерге дем берип, социалдык колдоо багытында болуп жаткан өкмөттүн колдоолорун айтып өттү.

Эки бутунан ажыраган Эрдик чоң сахнага чыгып, оор кыймылдарды аткарып, бийлөө үчүн көп эмгек кылып келет. Бий менен алектенип баштагандан кийин жашоого болгон көз карашы өзгөргөн Эрдин эки жашында автокырсыктан эки бутунан ажыраган. Дээринен өжөр жана таланттуу жигит — азыр элдин сыймыгы. Бул өнөрдүн арты менен чет өлкөгө чыгып жүргөн бийчи жигит Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарт жокко эсе деп эсептейт.

Бизде таланттуу кишилер көп. Бирок шарт жок. Анын кесепетинен өздөрүнүн кыялына жете албайт. Ошондуктан баарыбызга шарт түзүлсө жакшы болмок эле.

Ал эми өзүнө болгон ишеничти, эл арасына чыгуу күчүн бийден тапкан Талгат 8 жылдан бери бийлейт. Оор кыймылдарды аткарууга анын алсыз буттары тоскоолдук кылбайт. Бирок ошентсе да, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата коомдун түшүнүгү өзгөргөн жок деп кейийт.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүнөн чыкпайт. Анткени бизде коомдун мамилеси башкача. Ал эми чет өлкөдө сага көңүл бурулбайт деле. Мисалы, мен дагы үйдөн чыкчу эмесмин. Уялат элем. Кийин бул балдар менен таанышып, кызыгып, бийлеп калдым. Элдин арасына кошулуп эл болдук.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышкан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мүмкүнчүлүгү чектелсе да, коомдо активдүү болгон жарандарге дем берип, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар кишилердин атын атап, сыйлыктарды тапшырды. Өкмөт социалдык өнүгүү тармагында бир топ иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи.

Быйыл өкмөттүн токтому менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул нерсени өкмөткө социалдык тармакты жакшы билгендер келди деп түшүнүүгө болот. Биринчиден, июнь айынан бери жөлөк пулдардын көлөмү 2700 сомдон 4000 сомго көтөрүлдү. 23-ноябрда дагы бир токтомго кол коюлду. Ага ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды баккан энелер айлык алышат. Анткени алар ошол кишилерди карап иштей албайт, пенсияга чыга албайт.

Ошондой эле бул кундү утурлай министрлик медико-социалдык эксперттер үчүн 10 автоунаа алды. Ал автоунаалар атайын ылайыкташтырылган. Алыскы аймакта жашаган жарандарды эми эксперттер жеринен барып текшерүүгө мүмкүнчүлүк аларын министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

-Атайын ылайыкташтырылган 10 автоунаа алынды. Алыскы аймакта жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эксперттер барып текшерип келет. Бул алар үчүн ыңгайлуу.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 181 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 29 миңи жаш балдар.

Copyright © 2017 Maral FM