Биз менен байланышыңыз

Башкы штаб менен Коргоо комитетинин жетекчи орун басарлары иштен алынды

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 548 | 0

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Дагы бир буйрук менен Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан алынды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM