Биз менен байланышыңыз

Кытай лагерлери: кырдаалды ачык айтуудан кооптонгон кыргызстандыктар

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 1234 | 0

Кыргызстанда жашаган кытайлык кыргыздар Кытайдагы камакта жаткан туугандарынын жайын ачык айтып чыгуудан кооптонуп келишкен. Бул тууралуу бүгүн  Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтып чыгышты.

Себеби бул алардын Кытайдагы жакындарынын өмүрүнө коркунуч туудуруп, камактагыларга зордук-зомбулуктун күчөшүнө себеп болушу мүмкүн. Жадагалса айтып чыккан адамды да кандайдыр бир бандиттик же махинация жолу менен Кытай күч тузүмдөрү алып кирип кетүүсү да ыктымал дешет алар. Мындан улам эки жылдан бери үнсүз гана үмүт менен күтүп келишкен. Акыры абал жакшы жагына өзгөрбөй, опурталдуу жүз алганда айтууга аргасыз болушкан.

Ондогон этникалык кыргыз студенттери эки жылдан бери Кытайдагы ата-энеси менен байланыша албай, же ал жакка бара албай ортодо кароосуз калышканын билдиришти.

Кытайдагы саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде жаткан кыргыздарды колдоо максатында түзүлгөн комитеттин айтымында бүгүнкү иш чаранын максаты Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүн жана кыргыз коомчулугун кытайлык этникалык кыргыздардын кабылган абалы тууралуу кабардар кылуу жана колдоосун алуу. Ага КРнын Акыйкатчысы, коомдук ишмерлер жана башка жарандар катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM