Биз менен байланышыңыз

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди карагандарга канча жөлөк пул берилет?

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 1027 | 0

2019-жылдан 1-январынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге жөлөк пул төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек КочкоровМарал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдан тарта 6 миң ата-энеге 4 миң 962 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт.

Кочкоров келечекте бул сумма мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорулатыларын жана көбүрөөк ата-энеге берилерин белгиледи.

«Мындай жөлөк пулдар ушул жылдан ноябрь айынан тарта төлөнүшү керек болчу. Бирок мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргиздик. Жөлөк пул алуу үчүн ата-эне бир топ жерден маалымкат чогултушу зарыл эле. Эми аларга ыңгайлуу шарт түзүп, керектүү документтерди чогултуу милдетин биздин министрлик алды. Ушул процедураларды жөнгө салуу жана келишимдерди түзүү үчүн жөлөк пул берүү кармалып жатат», — дейт Кочкоров.

Маалым болгондой, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелер үчүн Социалык фондго камсыздандыруу төгүмүн дагы төлөп берет. Муну менен ата-энелер келечекте пенсия алууга да укуктуу болот.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар.

Copyright © 2017 Maral FM