Биз менен байланышыңыз

Тиллаев Кытайдагы кыргыздар тууралуу маселе көтөрдү

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 694 | 0

Депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздарга жасалып жаткан зомбулук тууралуу өкмөттөн маалымат угууну сунуштады. Ал коомчулукта бул маселе талкуу жаратып жаткандыктан, парламент үн катпай жатат деген пикирлер бар экенин айтты.

Ал эми депутат Исхак Масалиев алар кыргыз улутундагы Кытайдын жарандары экенин, бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат беришин талап кылды.

Тиллаев: “кыргыз болгондон кийин биздин жаран болбогондо кимдин жараны? Бизден кеткен этникалык туугандар«, — деп маалымат угуп коюуга чакырды.

Эске салсак, 26-ноябрда Кытайдын Шинжаң аймагында “кайра тарбиялоо лагерлеринде” 50 миңге чукул кыргыз негизсиз кармалып отурганын алардын туугандары айтып, президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашкан.

 

«Кытайда Токтакун Аблетти кыргыз жараны экенине карабай камап коюшту»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM