Манас Эл Аралык аэропортунун карамагындагы Каракол аба майданы союз мезгили тарагандан бери өз ишин токтоткон. Бүгүнкү күндө аэровокзалдын эскилиги жетип, асфальттары жарактан чыккан.
Каракол шаарындагы аэропорт 1978-жылы курулуп, союз учурунда Як-40, L-410, Ан-2, 26, 28 үлгүсүндөгү учактар, тик учактар эл аралык деӊгээлде каттачу. Тилекке каршы 13 жылдан кийин аэровокзал өз ишин токтотуп, имарат бош калган. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл туризм багыты менен өнүгүп жаткан соӊ, аба каттамга болгон суроо талап күч. Эгер кайрадан рейс каттаса жергиликтүү жашоочулар үчүн чоӊ утуш болмок.
—Биз союз учурунда көп эле учуп жүрдүк. Эгер иштеп калса туризмге, калкка деле жакшы болмок.
-Чындыгында аэропорт иштесе биз үчүн да бир топ жеӊилдик болмок. Мисалы Бишкек шаарына барыш үчүн 6 сааттык убакыт кетиребиз. Эгер учак менен барсак 20 мүнөттө эле кирип бармакпыз.
-Менимче биздин аэропортту жаӊы салыш керек. Анткени мен мурда бала кезде барганда эле ремонтту талап кылчу. Асфальттары бүт жарака болуп, айланасын чөп басып кетти. Кокустан учак туура эмес консо авария болушу ыктымал.
-Союз учурунда Як-40 деген учактар каттачу эле, ошол кезде жакшы болчу. Менимче башка аэропорт куруп эмне кылышат, ушуну эле оӊдосо туура болот.
Деген менен «Манас» эл аралык аэропортунун карамагына баш ийген Каракол аба каттамы азыркы суроо талапка таптакыр жооп бербейт. Себеби мындан 20 жыл мурда аэрофлекс тарабынан асфальттар жарактан чыккандыгы боюнча чечим кабыл алынган. Ал ортодо транспорт министрлиги тарабынан аэропорт калктуу конуштан 3 миӊ метр алыстыкта жайгашуусу керек деген мыйзам чыгарылган. Ошондуктан токтоп тургандыгын филиалдын жетекчиси Бакир Салиев белгиледи.
-Бизге авиа жарандык агенттиги бүтүм чыгарды. Анын алкагында текшерүү иштери жүрүп биздин аэропорт техникалык талапка жооп бербейт деген жыйынтык чыгарылды. Ошондуктан бизге жылдык сертификат берүүдөн баш тартышты. Башкы маселе, учак конуучу жол белгилер 1978-жылы курулган. Азыр эми 2018-жыл бүтүп жатат, арадан 40 жыл өттү. Ошондуктан сертификат жок жабык турабыз.
2011-жылдан бери аба каттамды уюштуруу жагын колго алуу демилгеси көтөрүлүп келгени менен бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Анткени капиталдык оӊдоп, реконструкцияга жасоого конкреттүү каражат чечилбей келүүдө. Экинчи жагынан аэропорттун тегереги калктуу конушка айланып кеткен. Эми бош жаткан жерди таап заманбап үлгүдө жаӊы аэровокзал куруу зарыл экендигин учак айдоочу ардагер Токтогул Шаршеев түшүндүрүп берди.
-Биз эми чоӊ стратегиялык аэропорт салышыбыз керек. Ага Караколго жакын жайгашкан Бөрү-Баш айылынын тоосу ылайыктуу. Мейли курулуш иштерине миллиард сом жумшалса да Кыргызстан үчүн эӊ жакшы болот. Бизде жакын жайгашкан Түп, Ак-Суу, Жети-Ѳгүз райондору бар болгондуктан экономика ушул жерде. Ошондуктан заманбап коно турган аба майданы керек. Анткени мен 40 жыл учак айдадым. Баарын байкоого болот. Ал жерге курулуп калса эки тарабы ачык болуп, кандай коноорун элестетип көрдүк. Керек болсо Манас Эл Аралык аэропортунан да жакшы болот эле.
Мындай маселенин көтөрүлүшүнө облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев да кызыктар. Себеби кышкысын бир гана Каракол тоо лыжа базасы иштеп облуска чоӊ киреше алып келсе, келечекте дагы тоо туризми өнүгүп, альпинистердин да саны өсмөк.
—СССР мезгилинде бизде бир да тоо лыжа базасы болгон эмес. Азыркы күндө бизде 6 лыжа базанын бирөө эле иштеп, Европада жашаган туристтерден өйдө кызыгып келип жатышат. Эгерде 6 базаны теӊ иштетсек, туристтердин саны дагы өсмөк. Аны менен бирге Жеӊиш, Хан-Теӊири чокулары бар. Ошондуктан аэропортту эл аралык деӊгээлде куруп алсак, альпинистер да көбөймөк.
Маалымдай кетсек, Каракол шаарына жаӊы аэропорт куруу демилгеси жылдын соӊунда башкы планга киргизилип, жер маселеси толук кандуу чечилет. Учак коно турган асфальтка 20 миллион сом керектелери болжолдонууда.