Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев “Центерранын” президенти менен жолукту

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 691 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда компаниянын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды. Компания эки жылдык геологиялык иликтөө ишин каржылаганы жатат. Анда жыйынтыгы жакшы болсо, Кумтөр кенин эксплуатациялоо мөөнөтүн бир нече жылга узартууга шарт түзүлөт.

Соңку жылдары компанияга инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиргендер болгон. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес. «Centerra Gold Inc.» менен байланыштуу кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат», – деди Перри.

Ошондой эле стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча кошумча шарттар талкууланды. Анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүүсү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралган.

2026-жылы Кумтөрдүн «күнү бүтөт»

Copyright © 2017 Maral FM