Ата-Мекен партиясынын билдирүүсүнөн кийин, саясий куугунтук маселеси, анын артынан мунапыс берүү дагы көтөрүлүүдө. Бүгүн 21-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы парламентке абактагы жарандарга анын ичинде саясатчыларга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун киргизди. Мунапыс берүү маселесин мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Масалиев «Күн чекит» программасында айтып берди.
— Мунапыс боюнча мыйзам долбоору толук иштелип чыгып, парламентке киргиздиңиздер. Бул мыйзам долбоору жаңы иштелип чыктыбы же мурункуга толуктоолор гана кирдиби?
—Бул мыйзам долбоору демилге катары үстүбүздөгү жылдын июль айында Жогорку Кеңештин сайтына илинген. Мамлекетте абакта отурган адамдарга карата мунапыс жарыялоо боюнча тартип бар. Бирок так мыйзамда жазылган деп айтуудан алысмын. Ошентсе да жылына бул тартип аткарылат. Башкы максаты жаза алып, күнөө мойнуна коюлгандан кийин айрым адамдардын жазасын жеңилдетүү болуп саналат. Анткен менен соңку эки жылдан бери биз мунапыс жарыялай элекпиз. Ошондуктан беш депутат мунапыс берүү сунушу менен чыктык. Буга чейин бул долбоор бир аз чийки болгон. Жакын арада өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, кайрадан демилге катары көргөзүп жатабыз. Бул жерде коомчулукту дүрбөлөң кылган же көңүл бурган бул- миңге жакын адамдын тагдырына таасир берет. Кээ бир адамдардын абактагы мөөнөтү кыскартылса, айрымдары эркиндикке чыгат. Бирок эң негизгиси соттун чечими күчүнө кирген адам тиешелүү болот. Айрым кылмыш боюнча дагы жоопкерчиликтен бошотулат. Мисалы аскер кызматына барбагандар, эгер өз мезгилинде келип каттоого турган болсо, алар дагы жоопкерчиликтен бошотулат. Ошондуктан муну катардагы эле мыйзам деп койсок болот.
-Эми ал кабыл алына турган болсо, абактагы миңге жакын адамга таасир этет деп жатасыз. Анын канчасын саясатчылар түзүп калды?
—Бирок бул сапар мунапыстын коомчулукта катуу талкууланып кетишинин себеби, айрым саясий куугунттукка кеткен жарандарыбызга дагы жардам берет. Ошол эле мамлекеттик төңкөрүлүш даярдаган, же мамлекеттик бийликти тартып алууга аракет боюнча соттолгон 5-6 саясатчы бар. Аларга дагы таасир бериши мүмкүн. Алардын дагы сот берген камак мөөнөтү каралып чыгуусу керек.
-Ал тизмеде кимдер бар? Ачык айта аласызбы?
—Мыйзам эч качан кайсы бир адамга тиешелүү болбойт. Жалпы гана 12 миң адамдын ичинен кайсынысына тиешелүү болот биз билбейбиз. Бирок бир тобуна таасири болот.
-Бүгүнкү күнү биздин көпчүлүк саясатчылар коррупция беренеси менен темир тор артына кетишкен. Мунапыс аларга тийиштиги болбосо, саясий куугунтукталган деген саясатчылардын тагдыры кандай чечилиши керек?
—Биз бул мыйзамга коррупцияны киргизген жокпуз. Себеби бул беренеде бир гана Өмүрбек Чиркешович эмес башка дагы саясатчылар бар. Ошол себептен бир жаран үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн өзү туура эмес. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин тагдыры ал башкача жол менен чечилиши керек. Менин баамымда ага карата түздөн-түз саясий куугунттук болгон. Мына Маевский камалды. Эгер ал өзү шылуун болуп отурса, аны сот канчалык баалаган? Бул кайра каралып чыгышы керек.
— Эми жыл аягына чейин берилип калышы мүмкүнбү?
—Бүгүнкү күнү абакта отургандардын саны 1,5 миңге көбөйүп кетти. Ошол себептен биздин максат алардын санын азайтуу. Эми болгон аракетибизди жумшайбыз. Алдыда Жогорку Кеңеш үч окуудан карап, президент кол коюшу керек.
—Маегиңизге рахмат!