Биз менен байланышыңыз

Баткен: Прокурордун өлүмүнө шектүү адам кармалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 1495 | 0

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Маралга» билдирди. Анын кабарлашынча кечээ түнү Баткен облусундагы «Төрт-Күл» суу сактагычына кетчү жолдо адамдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат облустук ички иштер башкармалыгына келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери барган учурда Баткен облусунун прокурору  Анарбай Мамажакыпов экени жана анын башына предметтер менен катуу сокку урулганы аныкталган. Ошонун негизинде каза болгон.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97- беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факты боюнча шектүү адам дагы кармалды. Ал акыркы учурда прокурордун жанында жүргөн Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы экенин министрлик ырастады. Азыркы тапта сурак берип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM