Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Сырттан келген көмүргө суроо талап күч

Коом | 15 Ноя 2018 | 650 | 0

Ысык-Көлдө сентябрь, октябрь айынан бери көмүр баалары арзандаган жок. Эми ал баадан да 1 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.

Каракол шаарында жайгашкан көмүр сатуучу жерлерде калдыраган күрөктүн үндөрү угулат.  Жашоочулар кышка акыркы 2 жумадан бери жеӊ түрө кирише баштады. Анын себебин пенсионер Чынара Иязова мындайча айтып берди.

-Мен азыр айла жок шабыркүл көмүрүн алып жатам. Чындыгында сапаты жогору. Баасы 6500 сом деп турат, айла жок алыш керек. Күн суук, үй жылыбай жатат, бир жылга 4 тонна керектелет. Бирок баарын бир алганга мүмкүнчүлүк жок. Айлык аз болгондуктан миӊ сомго алып турам.

Бул сыяктуу облустагы жашоочулар кыштын камын жайда көрбөгөндөрүн моюнга алышат. Себеби, көмүр саткан базарларда атайын кампа жок болгон соӊ, сапаты жоголот деп баш тартып келишкен. Эми кыргыз көмүрү кымбаттап, наркы Казакстандын көмүрүрүнө барабар болуп калгандыгын айтышат. Ошондуктан калктын дээрлиги сырттан ташылып келген кара алтынга басым жасашууда.

—  Балыкчы шаары жаз алды менен кампаларына көмүр толтуруп,  кышка даяр турушат. Биздин Каракол шаарынан бир мекеме алып, кампа ачып койсо болот эле да. Азыркыга салыштырмалуу баалар бир кыйла арзан болмок.

-Ѳзүбүз да жайды жайлай жүрүп алып, кышында чамынып калабыз. Азыр эми кара кече, беш сары көмүрлөру да өсүп кетти.

-Антели десек, Кыргызстандан чыккан көмүрдүн сапаты начар болуп жатат. Баасы казактыкына барабар. Ошондуктан шабыркүлдү алабыз, жакшы күйөт.

Тагыраак айтканда азыр Караке- Кече, Беш -Сары, Турук, Миӊ -Куштан келген кара алтындын килосу 4 сомдон 5,50 тыйынга чейин сатылууда. Ал эми Казакстандын Кара жыра,
Шабыркүл көмүрлөрү 6 сомдон 6,50 тыйынга чейин түзөт. Бирок бул баалар Каракол менен Ак-Суу районунда эӊ арзан деп эсептелерин сатуучулар кабарлашат.

-Быйылкы жылы көмүр кымбат баада келип жатат. Мисалы азыр Беш-Сарынын көмүрү келбей жатат. Мурда 3 сомдон 3,50 тыйынга баалап алсак, азыр килосу 4 сомдон 4,50 тыйынга көтөрүлдү. Биз деле көп болсо 30 тыйынга отурабыз.

-Негизи көмүр керек маалда ортомчулар жүктөп келбей калышат, кереги жок маалда келет. азыр эми күйүүчү майдын кымбаттыгын айтып биз жакка каттабай жатышат.

-Бизге жеткен маалымат боюнча быйыл көмүр азырак деген божомол бар. ошол себептен баа да кымбат болуп жатса керек, айла жок бекиген баага сатабыз.

Деген менен, бул баалар айрым учурда жогорулап кетерин КР өкмөтүнүн монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирет. Ага ылайык, аймакта түзүлгөн 70 тен ашык көчмө жана стационардык соода бөлүктөрдө бекитилген баалар бир да жерде илинген эмес. Эми административдик чара көрүлөрү эскертилип жаткандыгын  Фархад Чегебаев айтат.

Ошондой фактылар болгон үчүн кайрадан текшерүү иштерин жүргүзүп, илдирип жатабыз. Анткени керектөөчүлөр келгенде сатуучулардын көпчүлүгү чектен ашып кетишет. Эгер чоӊ-чоӊ көмүр болуп калса тоннасын 6500 сомдон да жогорулатып жиберет экен. Азыр бааларды илгиле деп талап коюп жатабыз. Аны аткарбаса административдик кодекстин негизинде айып салынат.

Аны утурлай сатуучулар менен ташып келүүчүлөргө карата мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өкүлдөрү да көзөмөл жүргүзүүдө. Ѳзгөчө кара алтын ташып келген ортомчуларга чоӊ жоопкерчилик жүктөлгөн.

Көмүр ташуучу камаздар милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүш керек. Кандай түрдө жүк ташып келбесин унаанын үстү жабылышы шарт. Анткени биринчи жагынан коопсуздук, экинчиден экологияны булгабоо талабы бар. бул боюнча айдоочуларга ушул талапты аткаруу боюнча жазма буйрук берилген. Азыркы тапта айрым ишканаларда тендер өтүп көмүр ташып келүү жагы бар. Эгер мыйзм бузгандар болсо чара көрүлөт,- деди экотехиннспексиянын Ысык-Көл, Тоӊ райондору жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаары боюнча башкы инспектор Тилекбек Исраилов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM