Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча чоң өзгөртүүлөр болот

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 673 | 0

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында билдирди.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго 100 миңден ашык конкурс жарыяланган. Алардын ичинен 36,4 млрд сом каражатка 58 276 конкурс ишке ашкан. Алардын 75 пайызы чет өлкөдөн кирген товарлар болуп эсептелет.

Өкмөт башчы аларды жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алууга да болорун белгиледи. “Товарларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу зарыл. Мындай кадам келечекте ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалган олуттуу салым болуп эсептелет”, — деди Абылгазиев.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар саясатын түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн укуктук-ченемдик актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM