Биз менен байланышыңыз

Президент: Жаштар — өлкөнүн канаты, тиреги

Билим-маданият , Саясат | 12 Ноя 2018 | 1860 | 0

Жаштар күнүнө карата өтүп жаткан  конгресске президент биринчи жолу катышты. Эки жылда бир жолу уюштурулуп келген бул иш-чарада өлкө аймагы боюнча жаштар сунуштарын, долбоорлорун талкуулап, көйгөлөрү менен да бөлүшөт.

Тилек Токтогазиев айыл чарба менен алектенип баштаганда 21 гана жашта болчу. Азыр күнөскана менен алектенген 200дөй кишинин башын бириктирген ассоциациянын президенти. Жашы 27де болгону менен талыкпаган эмгеги, изденүүсү аркылуу көп ийгиликтерге жетишкен. Өсүү үчүн да өкмөттөн колдоо күтпөй, изденүү керек деген пикирди карманат.

Кеннеди айтмакчы, өкмөттөн жардам күтпөй, өкмөткө кантип пайда кыла алам деш керек. Жаштардын арасында күчтүү ишкерлер бар. Өзүнүн ишин мыкты билген адистер көп. Ошондуктан азыркы оор кырдаалда бири-бирибизге колдоо гана көрсөтүшүбүз керек. Жок дегенде, кагаз иштеринен. Каржы эч качан жетпейт. 10 миң доллар болсо да, андан көп болсо да эч качан акча жетпейт.

Тилек Токтогазиев сыяктуу жаштардын долбоорлорун колдоп, талкуулап, алардын үнүн угуп, жол көрсөтүү максатында Бишкекте кезектеги жаштар конгресси өтүүдө. Өлкө аймагынан келген жаштар ар кандай долбоорун сунушташат. Маселен, Ош облусунан келген Нигора Шеркулова түштүк аймагында жаштардын көпчүлүгү жумушсуздуктун айынан мигрант болуп кетип жатканын белгилейт. Эмне менен алектенүүнү билбеген жаштар башка жолго түшүп кеткен учурлар да бар. «Ошондуктан, жаштарга мотивация үчүн атайын борборлор болсо»,- дейт Оштон келген өкүл.

Бизде көпчүлүк жаштар мектепти, коллежди аяктагандан кийин кайда барышын билбей, ар кандай жолго түшүп кеткендер бар. Ошондуктан активдүү жаштар алектене турган долбоорлор керек. Антпесе, миграция, жумушсуздук көп.

Маалыматка ылайык, өлкө калкынын 27% жаштар түзөт. Башкача айтканда, 14 жаштан 28 жашка чейинкилер. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов өлкөдөгү жаштардын көйгөйлөрү буга чейин изилденгенин айтат. Эксперттердин баамында, өлкөдө жаштар саясий жана социалдык жактан активдүү болгону менен маданият жагынан пассивдүү.

Мисалы, билим берүү тармагында алар активдүү. Ошондой эле саясий жана социалдык жагынан активдүү экени аныкталган. Ал эми манадият жагынан пассивдүү болуп жатканын аныкташкан. Ошондуктан биз жаштарды кайсы багытта өнүктүрүү керектигин изилдеп, иштешсек, жыйынтык болот деп ишенебиз.

Конгресске президент биринчи жолу катышты. Жаштардын долбоорлорун уккан мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков алардын демилгелери сөз жүзүндө эмес, иш түрүндө колдоого алыныш керектигин белгиледи.

Жаштар — өлкөнүн канаты, тиреги. Өлкөнүн кыймылдаткыч күчү. Азыр силер сунуштаган долбоорлорду көрүп отуруп сыймыктандым. Мындай долбоорлор сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө колдоого алынышы керек.

Жаштар күнүнүн алкагында уюштурулган конгресс эки күнгө созулуп, атайын борбордун ачылышы да болот.

Copyright © 2017 Maral FM