Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: иш илгерилей баштады

Коом | 12 Ноя 2018 | 937 | 0

Ишке ашпай келе жаткан «Коопсуз шаарды» жүзөгө ашыруу милдетин орусиялык «Вега» компаниясы алды. 

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча кол коюлган келишимге ылайык, «Вега» компаниясы 90 күндүн ичинде биринчи жыйынтыктарын көрсөтүшү керек. Анда Бишкек шаарынын негизги 38 көчөсүнүн кесилишкен жерине видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Сергей Калмыков журналисттерге маалымдады. Жолдорго көзөмөлдү орнотуу иши негизги эки лоттон турат. Анын ар бири өзүнчө программаларды камтыйт.

Ошону менен долбоордун биринчи этабы 1 млрд 125 млн сом деп эсептелди. Экинчиси 1 млрд 195 млн сом болду.

Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабында жол эрежесин бузгандар видео жана фото көзөмөлгө алынат. Ал негизги эки лоттон турат. Анын ар бири максаттуу программаны камтыйт. Шаардагы көчөлөрдүн кесилиштерине, кыймыл көп болгон участокторго комплектерди түзүү каралган. Ал Ички иштер министрлиги менен бирге алып барылат. Азыр кол койгон келишим 5 жылга каралды. Долбоор биздин компаниянын каражаты менен ишке ашканы турат.

Ошону менен Бишкек шаары боюнча 20 комплекс түзүлөт. Ал үчүн ар бир кесилиштин техникалык документтери даярдалышы керек. Аны Бишкек шаарынын мэриясы иштеп чыгууга тийиш. Ошондо гана компания тараптан видеокамералар орнотула баштайт.

Ал эми айыппулдан түшкөн каражатты  эсептөө тартибине келсек, жол эрежесин бузган ар бир айдоочудан компания 211 сом алат. Калган сумма мамлекеттин казынасына түшөт. Бирок азырынча кайсы органдын  эсебине түшө турганы айтыла электигин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев айтты.

Бул долбоор бизге абдан керек. Ошондуктан 180 күндү күтүп отурбай эртерээк баштаганга аракет кылабыз. Буга орусиялык кесиптештер дагы даяр. Бирок учурда эң чоң маселени белгилеп өтүү керек. Видеокамера орнотулушу керек болгон ар бир кесилиштин техникалык документтери болуусу. Ал документтер канчалык эрте даяр болсо, жолдорго көзөмөл ошончолук ылдам орнотулат. Аны мэрия тараптан даярдалып бериши керек.

Бул жолку келишимди сервистик модель деп айтар элем. Буга чейин биз долбоорду сатып алып келсек, бул жолу кызматты сатып алып жатабыз. Ал дагы жол эрежесин бузган айдоочулардын эсебинен төлөнүп берилет. Ошондуктан бул жерде мамлекет эч нерсе жоготпойт.

Учурда «Вега» концерни кепилдик ирээтинде Байланыш комитетинин өздүк эсебине долбоордун жалпы суммасынын 10 пайызын, тагырагы 245 млн 713 мин сом которду.

Бул каражаттын келишим түзөрдөн алдын келип түшүүсү долбоордун ишке ашаарын айгинелеп турганын Коопсуз шаарды ишке ашыра турган компанияларды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов белгиледи. Эми парламент тараптан көзөмөл жүргүзүлөрүн «Маралга» айтты.

Коопсуз шаардын ишке ашат дегенге эми ишеним пайда болуп отурат. Жалпы коомчулук күткөндөй эле мен дагы шаардын тургуну катары долбоордун аякташын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бүгүн эң чоң кадам ташталды. «Вега» концерни кепилдик үчүн каражатын салды. Бул компаниянын долбоорду ишке ашырууга кызыктар экенин көрсөтүп турат. Эми көзөмөл өкмөт тараптан дыкат жүрүшү керек. Бирок биз дагы четте калбай, өкмөттөн тынбай маалыматтарды алып турабыз. Буюрса, жыйынтыктар жакшы болот деп турам.

Жол эрежесин бузган айдоочу жөнүндөгү маалыматтар коопсуздук органдарына болмокчу. Көзөмөлдү Ички иштер министрлиги жана Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Коопсуз шаар» долбоору боюнча өкмөт мындан төрт жыл мурда демилге көтөрүп чыккан. 2015-жылы январда «Стилсофт Бишкек» компаниясы жеңүүчү деп табылып, бирок ИИМ анын шарты менен макул болбой, сотко берген. Кийинчерээк долбоор менен кытайлык Huawei компаниясы иш алып барары айтылып, бирок алар менен түзүлгөн келишимди кыргыз өкмөтү бир тараптуу жокко чыгарган  болчу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM