Биз менен байланышыңыз

«Чоң атам Арабаевди Ломоносовго окшоштурдум»

Пикирлер | 8 Ноя 2018 | 1606 | 0

Кыргыстанда мурдагы бийликтин тушунда Октябрь революциясынын жеңиш күнү катары майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп жарыяланган. Анын алкагында Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири, Совет бийлигинин учурунда «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылып кеткен Ишеналы Арабаевдин небереси Майрамкан Арабаева менен «Айлампа» программасында маек курдук.

Чоң атамдын үйүн сүрөткө тартып калбаганыма азыр да өкүнөм…

Ата-энем мага чоң атам Ишеналы Арабаев тууралуу көп маалымат бере алган жок. Себеби ал убакта чоң атамдай адамдар тууралуу айтууга тыюу салынган экен. Жадагалса колдонгон буюмдарын, эмгектерин сактаганга да мүмкүнчүлүк беришпептир. Чоң атам окуумуштуу болгондуктан көп китептерди чыгарган. Демек, көп эле кол жазмасы калса керек. Бирок алардын бирөө да туугандарга, байке, эжелериме жетпептир.

Байкем менен эжем Бишкекте турушчу ал эми биз Кочкордо жашайт элек. Атамдын айткандары эсимде. “Чоң атаң чынчыл, эли-жерин сүйгөн адам болчу. Ошондуктан сен дагы чоң атаңдын изин улап мугалим бол” деп багыт берчү. Атам мени мектепти аяктаганымда эжемдикине алып келип таштап кеткен. Чоң атамдын Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев  көчөсүндө 3 бөлмөлүү үй бар экен. Мен ал үйгө көп жолу бардым. Ошол учурда фотоаппарат да бар болчу. Эмне себептен сүрөткө тартып алган жокпуз деп көп өкүнөм. Бул мен үчүн эң чоң өкүнүч. СССР орноп, жакшы заман келип, атылып кеткендер жөнүндө маалыматтар айтылганда репрессиянын курмандыгы болгондордун туугандарын издеп башташты. Аларды таап аз да болсо маалымат алалы деген ой пайда болду окшойт. Баары ошондон башталды, ага чейин эч нерсе билбей, укпай жүрүптүрбүз. Анын үстүнө мен таенемдин колунда чоңоюп калдым. Ошондуктан чон атам тууралуу мага да көп маалымат жеткен жок.

Чоң атамды Ломоносовго окшоштурдум…

Атам: “Атам (Ишеналы Арабаев) чынчыл, жакшы киши эле. Ар кайсы жерге мектеп курган” деп айтып калчу. Атамдын айтуусунда, чоң атам медреседен билим алып, ага да канааттанбай Константинополго, Алматага барып, айтор жер-суунун баарын кыдырып окуп келген экен. Кийин мен мугалим болуп дүйнөлүк классикаларды окуганда чоң атамдын аракеттерин, изин орус орумуштуусу Михаил Васильевич Ломоносовго окшоттум. Анткени чоң атам Ишеналы Арабаев дагы шаардан шаарга өтүп билим алган экен. Кыргызстан үчүн пайдалуу болгонго аракет кылса керек. Ал булуң-бурчтарга барып байлардын 2-3 бөлмөлүү үйү болсо анын бир бөлмөсүн сурап мектеп уюштурганын билем. Балдарды окуткан. Каникул убагында чоңураак окуучуларын, өзү менен иштешкендерине “айылдарга барып макал-лакап чогултуп, элдин оозунан укканыңарды жазып келгиле” деп жиберчү экен. Чоң атам жөнүндө ушундай маалыматтарды уккам.

Чоң атам үркүндөн кайтып келгенде Ленинге кат жазган…

Менден улуу эжем Нурипа чоң атамдын колунда тарбияланып калган. Анын айтканына караганда чоң атам Кочкорго чоң боз үй тиктирип С.Орозбаковго “Манас” эпосун жаздырган. 1916-жылдагы үркүнгө чоң атам менен чоң энем кетет. Ал жактан кайтып келгенде Владимир Ильич Ленинге кат жазат. Катта боордоштору Кытайда калганын, алардын Кыргызстанга кайтып келүүсүн суранган. Чоң атамдын “Жаңылык” деген китеби Орусиянын мамлекеттик борбордук музейинде сакаталып калган экен. Кийин тарыхчылар ошол жактан алып келип чыгарышкан.

Мындан сырткары чоң атам “Эркин-Тоо” гезитин ачууну дагы сунуштаганы айтылат. Гезиттин биринчи бетине макала жазып, жаңы чыга турчу гезиттин атын “Эркин-Тоо” деп сунуштаса баары макулдугун бериптир. Тарыхчылардан укканым боюнча, Москва шаарында Кыргызстан СССРден өзүнчө болсун деп тартышып жатканда чоң атам коркпой президиумга чыгып “Эмне үчүн Кыргызстан өзүнчө мамлекет болбойт? Биздин өзүбүздүн жерибиз, ырыбыз, улутубуз, салтыбыз бар” деп талашып отуруп жеңип чыгыптыр.

Чоң атамдан бир гана маалымкат калды. Башка бумдары жок…

1933-жылы чоң атамды иштеп жаткан жеринен дароо эле Ташкент түрмөсүнө алып кетишиптир. Андан көп өтпөй өлгөнү тууралуу кабар келет экен. Чоң апам аны түрмөнүн ичинде эле каза болду деп билген. Чоң апам Эркин байкем менен Аккагаз эжемди ээрчитип алып Ташкентке барат. Көрсө түрмөдөн маалымат да бербей айдап жиберишет. Ишеналы чоң атамдын жеке буюмдары, документтери табылган жок. Ал убакта туугандарын да куугунтукка алып, буюмдардын баарын өрттөп жиберишкендиктен чоң атамдын жеке буюмдары сакталган жок. Аида Кубатова деген тарыхчы өзүн чоң атамдын балдызы болорун айтып тааныштырыптыр. Ал “жездем мага капчык берген болчу, ошону алып барып берсем болмок” деген экен. Бирок мен ал тарыхчыны көрө элекмин. Чоң апам Ташкенттин түрмөсүнө барганда бир гана Аккагаз эжеме келген маалымкат бар экен. Анда июнь айында эжеме «1958-жылы 11-майда атаңыз акталды» деген документ келет. Аны Москвада нотариустан күбөлөндүрүп алышат. Эми ал маалымкат менин колумда. Аны көздүн карегиндей сактап жүрөм. Келечекте Тарых музейине тапшырып кетсем деген оюм бар. Себеби менден кийин балдарым, неберелерим ал маалымкатты барктап жүрө алабы деген ой жаралат.

Чоң атам курган суу түтүктөрдөн суу ичкен сайын сыймыктанам…

Илгери кыргыздар көчмөн калк болгон. Туугандар ары-бери көчүп акырында Ысык-Атага жайгашып калган учурда чоң атам “башка жакка жылбай эле ушул жерде жашагылачы. Сөзсүз эле билимдүү адам болушу керек беле? Лидер боло турган адамды таап, мейли карапайым болсо да башкарма кылып шайлап алып ушул жерде өнүгүп өскүлө” деп айтыптыр. Азыр Ысык-Атада Карагай-Булак деген айыл пайда болду. Чоң атам туугандары менен Карагай-Булактан Беш-Күнгөй деген айылга суу түтүкчөсүн куруп берген. Мен өзүм да ошол айылда жашайм. Чоң атам курган суу түтүктөрүнөн азыр да суу ичебиз. Суу ичкен сайын чоң атам менен сыймыктанам, элдерге да айтам.

Өзүмдүн атам 8 балалуу болгондон кийин Ленинградга барып окуп келди…

Өзүмдүн атам 1967-жылы кайтыш болду. Чоң атам каза болгондо атам үйлөнө элек экен.  Таң кылганым, атам үйлөнүп, 8 балалуу болгондон кийин Ленинградга барып окуп келди. Ошондо атама чоң баа бердим. Атам “Жогорку окуу жайды бүтүп, билимдүү болушум керек. Өзүмдүн балдарыма да көмөк кылам” деп Ленинграддан билим алган. СССР убагында жакшы адистерди өнүкпөй калган колхоздорго жиберчү. Атам окууну аяктап келгенде Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылына башкы агроном кылып жиберишет. Уй-бүлөбүз менен баарыбыз Ак-Сууга көчүп барганбыз. Биз чоңойгондо атама Кочкорго кетели деп көп айтчубуз.

Copyright © 2017 Maral FM