Connect with us

Панкратов: «Жундада» абал оор

Экономика | 6 Ноя 2018 | 955 | 0

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунда кырдаал оор. Учурда завод ишин токтотконун  өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов айтты.

Экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн жалпы жыйынында Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун акыбалы оор экенин айтып чыкты. Бүгүнкү күнү Кара-Балтадагы «Жунда» заводу дагы ишин  токтотту. Буга сырьёнун жоктугу жана заводдун айланасындагы соттук иштер себеп болду. Бул жагынан маселени тезинен чечүү керектигин министр  белгиледи. Себеби заводдун ишинин токтошу  менен мамлекетке төлөнгөн салыктардын көлөмү азайып баратат.

Кара-Балта жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдорго чийки зат келбей жатат. Болбосо Орусиядан 450миң тонна сырьёну бажы төлөмүсүз алып келүү боюнча макулдашуубуз бар. Анткен менен соңку эки жылдан бери болжонгон көлөмгө жетпей жатат. Заводдорго чийки затты ташып келүү боюнча маселе чечиле элек. Эгерде заводдор толук кубатында иштесе, экономикага салымы чоң болмок. Бирок учурда заводдун айланасындагы соттук иштерден улам «Жунданын» акыбалы оор. Натыйжада заводдон түшчү салыктын  көлөмү 200 миң сомго чейин төмөндөп калды.

Заводдун айланасындагы иштердин натыйжасында завод толук көлөмдө иштесе 800 миң тонна май өндүрмөк. Азырынча анын жарымын, тагыраагы, 450 миң тонна чыгарып жаткан. Ошону менен жылына 2 млрд сомдон ашык салык төлөп келген.

Бирок заводдун айланасындагы чырлар дагы деле токтой элек. Жундада иштеген жумушчулар эмгек укуктары сакталбай жатканын айтып чыгышкан болчу. Ошол эле кезде завод жетекчилиги тараптан дагы мыйзам бузуу болуп жатканын Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев айтат. Комитет үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жунданын иши менен таанышып келген.

Жунда» эң башында эле ишин мыйзам бузуу менен баштаган. Ал кезде Бакиевдин заманы болчу. Бул иштин артында кимдер турганын жакшы билесиңер…. Бүгүн баары качып, издөөдө жүрөт. Паралеллдүү долбоор деген шылтоо менен курдуруп коюшкан. Кийин биз барып караганда, заводдун долбоору жок болуп чыккан. Бул эми менчик компания. Бүгүнкү күнү муну көтөрүп инвесторду чыгаралык десек, Кытай Эл Республикасы менен алакабыз бузулат. Келген инвесторду түшүнүп-түшүнбөй кет деген туура эмес.    

Анткен менен, Жунда берип жаткан каражат чоң сумма деле эмес. Экинчиден, чыгарылган продукция Кыргызстандын керектөөсүн жаппай келүүдө. Бирок эң чоң утуш бул  Кыргызстандан 200дөн ашык адамдын жумуш менен камсыз болуп жаткандыгында экенин мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев айтууда.

Жунданын ишке киргенине 3-4 жыл болду. Бул 300 миллиондук чоң долбоор. Бирок арызырнча мамлекетке салык ирээтинде берген каражат аз эле. 200-300 млн болуш керек. Завод Кыргызстандын ички муктаждыктарын толук жаба албайт. Бирок бир артыкчылыкты белгилеп өтүшүбүз керек. Бул заводдо учурда 250-300 адам иштейт. Анын 80 пайызы жергиликтүү тургундар. Демек биздин элди жумуш менен камсыздап жатышат.  

Эскерте кетсек, «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM